Жети жашар бала эң көп акча тапкан. Youtube каналынын блогерлеринин рейтинги

© REUTERS / Dado Ruvic / IlustrationЛоготип YouTube
Логотип YouTube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг түзүүдө Forbes блогерлердин 2017-жылдын 1-июнунан тарта 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде тапкан акчасын эске алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Forbes журнал Youtube каналынын эң көп акча тапкан блогерлеринин рейтингин түзгөндүгүн РИА Новости жазды. 

Эң кызыгы, сап башына Райан аттуу жети жаштагы бала чыккан. Ал ата-энеси менен Ryan Toys Review деп аталган каналды алып барат. Бул жерден ар кыл оюнчуктар боюнча маалыматтарды алууга болот. Каналга 17 миллион адам жазылып, 27 миллиард жолу каралган. Бул жылы канал Райандын үй-бүлөсүнө 22 миллион доллар алып келди. 

Экинчи орунга ар кыл комедиялар менен музыкалардан көз айырбаган Джейк Пол 17 миллион адамы менен чыкты. Ал бир жылда 21 миллион доллар тапты. 

Супермодель и бизнес-леди Кайли Дженнер - Sputnik Кыргызстан
30га чыгып-чыкпай... Forbes эң бай жана атактууларды аныктады
Үчүнчү тепкичте Dude Perfect командасы тапкан 20 миллион доллары менен турат. Бул беш достун эмгеги. Алар спорттук шаймандардан тарта суу куюлган бөтөлкөнү колдонуп, ар кыл кыймылдарды жасашкан. Алардын каналына 37 миллион киши жазылыптыр. 

Төртүнчү саптын башында катталган 21 миллион колдонуучусу менен DanTDM каналынын ээси Дэниел Миддлтон турат. Британиялык оюнчу Minecraft оюнуна басым жасап, бир жылда 18 миллион доллар тапкан. 

Бешинчи орунга америкалык стилист, модель жана музыкант Джеффри Стар чыкты. Анын каналы 18 миллион доллар алып келип, көрүү үчүн 11 миллиондон ашык адам катталган. 

Ондукка Markiplier, Vanoss Gaming, Jacksepticeye, PewDiePie жана Logan Paul каналдары да кирди. 

Рейтинг түзүүдө Forbes блогерлердин 2017-жылдын 1-июнунан тарта 2018-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде тапкан акчасын эске алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0