Германияда Рождествого карата алтын менен шөкөттөлгөн балаты коюлду

© REUTERS / MICHAEL DALDERАлтын тыйындары менен жасалган Мюнхен шаарына орнотулган Рождество балатысы
Алтын тыйындары менен жасалган Мюнхен шаарына орнотулган Рождество балатысы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын бийиктиги үч метрге чамалап, 2018 даана Wiener Philharmoniker алтын тыйындар менен шөкөттөлгөн.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Pro Aurum компаниясы австриялык тыйын чыгарган ишкана менен биргеликте Мюнхен шаарына Европадагы эң кымбат Рождество балатысын орнотту. Анын баасы 2,3 миллион еврону түзөрүн РИА Новости жазды.

​Балатынын бийиктиги үч метрге чамалап, 2018 даана Wiener Philharmoniker алтын тыйындары менен шөкөттөлгөн.

Рождество балатысы күнү-түнү кайтарууда болот. Каалагандар 3-декабрдан 15-декабрга чейин келип көрө алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0