Отургучта уктап жаткан адам. Архив

Окумуштуулар уйку канча саатта жакшы канарын айтышты

2766
(жаңыланган 16:02 07.12.2018)
Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Окумуштуулардын эл аралык тобу жүрөк кан тамырлары оорусунан жабыркагандар көбүрөөк көшүлүп уктайт деген жыйынтыкка келишти. Изилдөөнүн жыйынтыгы Европалык кардиологдор коомунун журналына жарыяланды.

Илимпоздор 35 жаштан 70 жашка чейинки 116 миңден ашык кишинин уйкусу тууралуу күндөлүгүндөгү маалыматтарды анализдеп чыгышкан. Ага ылайык, алты сааттан сегиз саатка чейин уктаган кишинин уйкусу жакшы кана турганы аныкталган.

Ал эми сегиз сааттан тогуз саатка чейин уктагандардын жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу 6-8 саат уктагандарга караганда беш пайызга жогору экени божомолдонгон. 9-10 саатка чейин уктагандардын олуттуу дартка чалдыгуу ыктымалдуулугу 17 пайызды түзсө, күнүнө он сааттан ашык уктагандарда бул көрсөткүч 41 пайызга барабар.

2766
Белгилер:
изилдөө, уйку, Окумуштуулар
Тема боюнча
Дем алыш күндөгү узак уйкунун зыяндуу жактары айтылды
Лукашенконун шайлоодогу атаандашы Светлана Тихановская. Архив

Лукашенко өлкөдөн чыгып кеттиби? Атаандашы Тихановская элге кайрылды

6
(жаңыланган 16:46 14.08.2020)
Беларусь Республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Беларустун президенти Александр Лукашенко айрым ЖМКлардагы анын өлкөдөн чыгып кеткендиги жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөдү. Бул тууралуу Sputnik Беларусь агенттиги жазды.

Ошондой эле президент мамлекетте болуп жаткан митингдер боюнча да өз оюн айтты.

"Мен тирүүмүн, эч жакка качып дагы кеткен жокмун. Бүгүн курулуш тармагын талкуулоо үчүн чогулабыз. Баса, митингдер тууралуу айта кетсем, биз ишти токтотуп коюп көчөдө жүргөндө, рынокту атаандаштарыбыз Россия менен Канада ээлеп алмай болду. Жоготкон ордубузду кайра ала албайбыз. Эч качан!" — деди президент.

Ал ортодо Лукашенконун шайлоодогу атаандашы Светлана Тихановская элге кайрылуу жасады.

"Комиссия таза иштеген аймактарда мага добуш бергендердин саны 60-70 пайыз эле. Ал тургай Жаңы Боровойдо 90 пайызга жеткен. Бул тууралуу протоколдордун көчүрмөлөрү бар. Бирок биз өз добушубузду мыйзам жолу менене коргойлу. Азыр көчөлөрдөгү көрүнүштү көрүп жүрөк ооруйт. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин унутпайлы", — деди Тихановская.

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

Эске салсак, Беларусь Республикасында 9-август күнү өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, ал массалык акцияга айланган. Тургундар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышуу болуп, эки тараптан бир топ адам жабыр тартты.

Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, анда учурдагы мамлекет башчысы Александр Лукашенко 80,08 пайыз добуш менен жеңип чыкканы белгилүү болгон.

6
Белгилер:
митинг, Александр Лукашенко, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн
Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

17
Хабиб өзүн ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратканын белгилеген. Ошондой эле келечекте машыктыруучулук менен чектелбей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо ою болгонун моюндады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчу азыр чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алууга даярдык көрүп жатканын белгилеген. Эске салсак, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашат.

"Ар кандай ойлор келет, азыр деле карьераны жыйынтыктоо тууралуу ойлоном. Бирок учурда алдыдагы беттешке даярданып жатам, узакка план койгон жокмун. Сентябрда 32ге чыгам, жаш спортчу эмесмин. Акырындан ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратам. Сегиз жылдан бери UFC октагонуна чыгып келем. Эртерээк беттештерге кайтып, деги эле бир нерсе менен алек болгум келип жатат", — деген Хабиб.

Менеджер: Хабиб карайлап турат, бирок быйыл Гэтжи менен беттешет

Мындан тышкары, ага "саясатка барасызбы?" деген суроо узатылган. Мушкер спорттогу ишин аягына чыгара электигин жана креслосу жок эле элге жардам берсе болорун айткан.

Бирок ошол эле учурда өзүн келечекте машыктыруучулук менен чектебей турганын кошумчалаган.

17
Белгилер:
беттешүү, карьера, спорт, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты