Көрүп эле баш айланат! Кытайдагы 68 бурулушу бар жолдун сүрөтү

© AFP / GOH CHAI HIN Кытайдагы унаа жолу. Архив
Кытайдагы унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Магистраль кооптуу ашуудан өтүп, эки айылды байланыштырат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кытайдын түштүк-батышындагы 68 бурулушу бар трасса дүйнө жүзүндөгү экстремалдуу жолдор рейтингин баштап калышы мүмкүн. Бул тууралуу The Daily Mail билдирүүдө.

​Жол кооптуу ашуудан өтүп, ойкуп-кайкыган бурулуштары туристтердин эле эмес, жергиликтүүлөрдүн да жүрөгүн түшүрөт. Дээрлик ар бир 100 метрден кийин эле чукул бурулуу керек.

​6,3 чакырымдык жол Юньнань провинциясындагы Цзиньсин жана Цзиньяншао айылдарын бириктирип турат. Магистраль бийлик менен жергиликтүү элдин колдоосу менен 1,35 миллион юаньга 1995-жылы курулган.

​Убакыттын өтүшү менен аталган жол аймактагы эң бир кооз жерге айланган. Аны көрүү үчүн дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан туристтер келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0