Журналистти кийими үчүн парламенттен чыгарып салышты. Австралиядагы окуя

© AFP / WILLIAM WESTЮбкачан кыздар. Архив
Юбкачан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабарчы социалдык тармакка парламенттен куулганга себепкер болгон кийимин кийип түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Австралиялык журналист Патрисия Карвеласты ачык кийиндиң деген кине менен парламенттен чыгарып коюшкан. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Окуя туурасында журналист Twitter тармагындагы баракчасына баяндаган. 

​Патрисия Карвелас социалдык тармакка парламенттен куулганга себепкер болгон кийимин кийип түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

"Мени азыр эле өкмөттүк сааттан түртүп чыгарып коюшту. Алардын айтымында, денемдин ачык калган жерлери өтө эле арбын экен. Ушундай да тантыраган кеп болобу?" — деп жазган кыз.

Анын сүрөтүн көргөн интернет колдонуучулардын көбү кыздын ашыкча ачык деле кийинбегендигин жазып, пикирлерин калтырган.

"Кеп сенин кийимиңде эмес, алардын тантыраган эрежесинде", — деген пикирин калтырган мурдагы парламентарий Крейг Эмерсон.

​Twitter тармагындагы башка жарандар Австралиянын мурдагы тышкы иштер министри Жули Бишоптун жеңи жок көйнөкчөн сүрөттөрүн таап чыгып, интернетке илип коюшту.

Буга чейин Кыргызстанда да Жогорку Кеңештин төрагасы парламентке өкмөт өкүлдөрүнүн кийинип келгенин сындаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0