Майкачан кыз. Архив

Кытайда интим-насыялар пайда болуп, аларды жаштар көп алууда

2323
(жаңыланган 12:53 08.12.2018)
Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кытайда кредиторлор карыз берүүнүн ойго келбеген ыкмасын таап чыккандыгын South Metropolis Daily порталы жазып чыкты.

Эми алар насыяны жашыруун, интимдик сүрөттөрүн күрөөгө алып бере баштаган. Карыз акча алам дегендер паспорт менен жылаңач түшкөн сүрөтүн кошо жибериши керектиги айтылат. Эгерде ал карызын учурунда төлөй албаса, анда "банк" "каармандын" сүрөтүн ата-энесине берип же социалдык тармакка жарыялап жибериши мүмкүн.

Мындай кредитти өзгөчө студент кыздар көп алары маалымдалган. Карыздын үстөк пайызы жумасына 30 пайыз болсо, өлкөдөгү керектөө насыянын үстөк акчасы 24 пайыз экендигин жазышты. Берилген акчанын көлөмү 500дөн 5 миң юанга чейин жетет.

Сүрөттөрдү алмашуу интернетте мессенджер аркылуу жүрөт. Бир катар маалыматтарга караганда, интим-насыяны 30 миңге жакын кытайлык жаштар алган.

Кээ бир учурларда жаман ниеттеги "банктар" кыздар карызын кайтаргандан кийин деле сүрөттөрдү социалдык тармакка чыгарып салган. Жакында эле 10 Гбайт көлөмүндө жылаңач сүрөттөр чыгып кеткенде бийлик андай уюмдарды жабууга аракет кылган.

2323
Белгилер:
Кытай, интим, насыя, сүрөт, күрөө, паспорт
Тема боюнча
Кыргызстан Кытайдан кантип көз каранды болду. Экономика тууралуу фактылар
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

323
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

323
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу
Москвадагы талибдердин делегациясы

Москва талибдерден афган элине либералдуу мамиле күтөрүн айтты

94
(жаңыланган 19:12 25.10.2021)
Кабуловдун айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдерден "чечкиндүүрөөк жана батыл кадамдарды" күтүп жатат.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Талибдерде ("Талибан"*) инклюзивдик өкмөттү түзүү боюнча кандайдыр бир мөөнөт боюнча алкак, чектөө жок. Бул тууралуу РФтин Афганистан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.

"Жок, эч кандай мөөнөт коюлган эмес. Бул "Москва форматынын" милдети да эмес болчу. Биз талибдерге алардын мындан аркы иши жана анын графигин тагуу үчүн чогулган жокпуз, андай эмес", — деген Кабулов "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинде журналисттерге брифинг өткөрүп жатып.

Диломаттын айтымында, аймактык өлкөлөр өкмөттү түзүүдө талибдер "чечкиндүү жана батыл кадамдарды" жасайт деген пикирде.

Кабулов, андан сырткары, Москва талибдерден элге карата либералдуу мамиле кылууну күтө тургандыгын айтты.

"...Жаңы бийликтен биз көбүрөөк либерализмдин жаралышын, ооба, өзүнүн маданий-диний салттарына таянышын, бирок либерализмдин көбүрөөк болушун күтүп жатабыз", — деди Кабулов.

Буга чейин да аталган темада кеп кылган Кабулов Москвадан талибдерге дүйнөлүк коомчулуктун пикирине кулак төшөп, ири алдыда элдин үнүн угуу боюнча айткандарын билдирген.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

94
Белгилер:
Афганистан, Россия, ТИМ, санкциялар, 'Талибан' кыймылы, Замир Кабулов
Тема:
Афган бийлиги менен талибдердин тиреши
Тема боюнча
Бишкекте КМШнын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жолукту. Эмне талкууланды
Москвага талибдердин делегациясы келди