Планета Марс

NASA биринчи ирет Марстагы шамалдын үнүн жаздырып алды

1602
(жаңыланган 17:04 08.12.2018)
InSight аба кемесинин бортунда сейсмограф жана геофизикалык термометр иштеп жатат.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Американын InSight аба кемеси ноябрда Марска конуп, биринчи жолу аталган планетадагы шамалдын үнүн жаздырып алган. Бул тууралуу NASA уюмунун расмий сайтына 

Билдирмеге караганда, InSight аба кемесинин датчиктери түндүк-батыштан түштүк-чыгышты көздөй секундасына жети метрге жеткен шамалдын үнүн жаздырып алган.

InSight Марстын экваторуна 26-ноябрда конгон. Анын бортунда сейсмограф жана геофизикалык термометр иштеп, планетанын түпкүрүндөгү температураны өлчөйт.

1602
Белгилер:
шамал, NASA, Марс
Тема боюнча
Жер планетасы үчүн кооптуу делген астероиддин видеосу жарыяланды
Пикирлер