Победительница конкурса красоты Мисс мира — 2018, представительница Мексики Ванесса Понс де Леон во время вручения короны

“Дүйнө сулуусу 2018” сынагынын жеңүүчүсү аныкталды. Сүрөт

1066
(жаңыланган 16:29 09.12.2018)
Мексикалык Ванесса Понс де Леон дүйнөнүн 68-сулуусу болуп калды.

БИШКЕК, 8-дек. – Sputnik. Мексиканын атынан чыккан Ванесса Понс де Леон “Дүйнө сулуусу – 2018” сынагынын жеңүүчүсү деп табылды. Бул тууралуу конкурстун Twitter баракчасына жарыяланды.

“Дүйнөнүн 68-сулуусу атыккан Ванесса де Леонду жеңиши менен куттуктайбыз”, — деп айтылат маалыматта. 

Ванессага таажыны “Дүйнө сулуусу – 2017” сынагынын жеңүүчүсү индиялык Мануши Чхиллар кийгизди. 

Ал эми таиланддык Николин Пичапа Лимснукан вице-мисс аталды. 

Сынактын финалы Кытайдагы Хайнань аралында өттү. 30 кыздын ичинен 12си тандалган, алардын бешөө гана финалга өткөн.

1066
Белгилер:
сулуулук сынагы, Мексика, Кытай
Тема боюнча
Кыргызстандын эң сулуу бийкечи тандалды. Сүрөт
Пикирлер