Жаңы Зеландиянын полиция кызматкери. Архив

Британиялык миллионердин кызы Жаңы Зеландияда киши колдуу болду

228
(жаңыланган 18:16 09.02.2019)
Өлкөнүн премьер-министри кыздын туугандарынан кечирим сурады.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жаңы Зеландияда британиялык миллионердин кызынын сөөгү табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилүү болгондой, 22 жаштагы Грейс Миллейн Окленддеги туристтик лагерде жашап жүргөн. Ал 4-декабрда дайынсыз жоголуп, 9-декабрда сөөгү табылган.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн жума сайын өтүүчү өкмөттүк брифинг учурунда Миллейндин үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

"Биздин мамлекетте кызыңыздардын коопсуздугу сакталышы керек эле, бирок андай болбой калды. Баарыңыздардан кечирим сурайм. Мен жарандар менен сүйлөштүм, алар мындай жаман окуя биздин мамлекетте болгонуна катуу уялып жатышат", — деди көзүнө жаш алган Ардерн.

Кыздын жоголуп кетиши боюнча 26 жаштагы киши камакка алынган. Дүйшөмбү күнү ага адам өлтүрүү фактысы боюнча айып тагылды. Алдын ала маалыматтар боюнча Грейс шектүү менен Tinder сайтынан таанышкан.

228
Белгилер:
адам өлтүрүү, Жаңы Зеландия, Улуу Британия
Тема боюнча
Бишкекте бычакталган милиционер. Кылмыштын чоо-жайы ачыкталды
Москванын кызыл аянтындагы полиция кызматкери. Архив

Москвада COVID күч алып бир апталык локдаун жарыяланды

11
(жаңыланган 11:55 13.06.2021)
Россиянын борбор калаасында коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыкты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин жарлыгында айтылды.

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

"Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

11
Белгилер:
абал, локдаун, коронавирус, Москва, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан улам Ош шаарында 1-июлга чейин бардык иш-чаралар токтотулду
Кит. Архив

Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

50
(жаңыланган 11:36 13.06.2021)
Океандын жээгинде лобстер уулап жүргөн балыкчыны кит жутуп алды. Адегенде ири толкун болгонун сезген киши андан кийин караңгынын кучагында калган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. АКШда кит жутуп алган балыкчы аман калды. Бул тууралуу CBS Boston телеканалы жазып чыкты.

Шумдук окуяга Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард кабылган. Ал Кейп-Код жарым аралында океанды жээктеп лобстер (деңиз рагы) уулап жүргөн.

Ага адегенде ири толкун болгону байкалган, анан эле караңгы болуп кеткен. Майкл адегенде акула жутуп алды деп ойлогон. Кийинчерээк киттин оозунда экенин билген. Жөн турбастан сүзүп, кыймылын уланткан. Бактысына алп жандык суунун бетине чыгып, оозундагыларын сыртка бүркүп, балыкчы океанга кулаган.

"Мен бошонуп, эркин болуп сүзүп кеттим. Өзүм да буга ишенген жокмун", — деген ал.

Жакын жердеги балыкчылар аны ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Майклдын майда тамырлары гана жабыркаганын аныкташкан. Башка эч кандай олуттуу жаракат алган эмес, эч жери сынган да эмес.

Окумуштуулар мындай окуя сейрек кездешерин белгилешет. Алардын айтымында, кит демейде адамга коркунуч келтирбейт, болгону суудагы майда балыктар жана башка деңиз жандыктары менен тамактанып жатканда кишини да кокусунан жутуп алышы мүмкүн.

50
Белгилер:
АКШ, окуя, кит, океан, адам
Тема боюнча
Торго түшкөн акуланы сууга кое беришкен. Боорукер балыкчылардын видеосу