XX кылымдын эң популярдуу ыры аталды

© AP Photo / MARCO ARNDTБританский певец, вокалист рок-группы Queen Фредди Меркьюри
Британский певец, вокалист рок-группы Queen Фредди Меркьюри - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгарманы Youtube каналынан 1,5 миллиард адам уккан.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. XX кылымдын эң популярдуу ыры делип Queen тобунун "Богемская рапсодия" чыгармасы табылды. Бул тууралуу Sputnik Молдова жазды. 

​Маалыматка караганда, аталган чыгарманы Youtube каналы аркылуу 1,5 миллиард адам уккан.

"Богемская рапсодия" ырын аталган британиялык топтун жетекчиси Фредди Меркьюри 1975-жылы жазган.

Ырда а-капелла, баллада, опера, рок, кода сыяктуу беш музыкалык жанр коштолгон. Музыкалык чыгарма Billboard америкалык журналынын көрсөтмөсү боюнча үч жолу 100 мыкты чыгарманын катарын толуктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0