Оору жугат! Москвада рак менен ооругандардын көчүп кетишин талап кылышууда

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүДетский хоспис в Москве
Детский хоспис в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя онкологиялык оору менен жапа чеккен балдарга каршы коомчулукту тукурду деген маанайга өтүп кетсе, пенсионер өзү жооп берип калышы мүмкүн.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги подъезддин башчысы Елена Аллина кол топтоп, ошол үйдө батир жалдап жашаган рак илдети менен ооруган эне-балдардын чыгып кетишин талап кылууда. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Аталган үйдү илдетке чалдыккандарга кайрымдуулук фондусу жалдап берген.

Аллина жана кол койгон дагы 50гө чукул батирдин жашоочулары рак аларга жугуп калат деп кооптонуп, кошуналары көчүп кетиши керек деген маанайда турушат.

Детская больница Ла-Маскота в Манагуа - Sputnik Кыргызстан
Дарыга акча таппай акка моюн сунгандар. Ракты жеңүү Кыргызстанда кыйын жана кымбатпы?
Алардын айтымына караганда, мындай оорулуулар адистешкен жайда жашашы керек. Нааразы болгондорду балдардын медициналык бет кап кийип жүргөнү, имаратты эч ким дезинфиция кылбаганы кооптондурганы айтылууда.

Анткен менен аталган үйдө жашагандардын арасында "оору кадырын билген соо кишилер" да табылган. Алар кол топтоого кошулган эмес жана рак жукпайт деген маалыматтарды таап келип, подъездге чапташкан.

Мындай ызы-чуудан кийин кайрымдуулук фондусу бейтаптардын батирде жашашы кооптуу эмес, бул көптөн бери келе жаткан тажрыйба дегенди айтышкан.

Кеп көп кабаттуу үйдүн № 352 батиринде жашаган бир нече үй-бүлө туурасында болуп жатат. Аларга "Подари жизнь" деп аталган фонду үйдү жалдап берет. Үч бөлмөдө Дмитрий Рогачев атындагы Балдардын гематология боюнча борборунда дарыланган кичинекейлер жашайт. Алар күнүгө процедурага барып, дарыгерлердин кароосунан өтүп турушу шарт.

Ызы-чууну көтөргөн Елена Аллина РИАнын кабарчысына жашоочулар онкологиялык оорулуулардын алар менен жанаша жашашына каршы экендиктерин айтып берген.

Пенсионер "үй диспансерге айланып кетти" деген кинесин койгон. Ал бир нече убакыттан бери бир дагы санитардык көзөмөл, текшерүү жасалбагандыгын айткан. "Ооругандар өлкөнүн булуң-бурчунан келээрин, өздөрү менен кошо кайсы бир инфекцияларды кошо ташып келип жатат" деген нааразылыгын билдирген.

"Жазылган арызда пациенттер жашаган батир "рактардын ооруканасы" жана "рак диспансери" деп аталган. Дарыгерлер балдар медициналык бет кап менен жүрөрүн, себеби иммунитети төмөн болгондуктан, башка вирустарды жуктуруп алат деген кооптонуу бар экендигин түшүндүрүүгө аракеттенген.

РИА аталган батирде жашап, баласын багып жаткан эне менен жолугуп сүйлөшкөндө бул чуулуу кабар тарап кеткенден кийин аларды жактырбаган көз менен карагандар көбөйгөнүн айтып берген.

Кайрымдуулук фондусунун жетекчиси Екатерина Шергова аларга батир жалдап берген Москвада дагы ушундай 50 жай бар экендигин билдирген.

"Москвага өлкөнүн ар кыл бурчунан ооруган балдар келет. Башка борборлордун аларды жаткырганга чамасы жетпейт. Дарыгерлер күн сайын карайбыз дейт. Алар алыстан келсе, кайда барат? Андыктан батир жалдап берип жатабыз", — деген ал.

Ооруга оору кошкон кишилер

"Аларды оор дарылануудан өткөндөн кийин бир аз эс алып эшикке чыккыла дейт. Ойногон аянтчадан соо балдарын башка энелер коркуп жетелеп кеткен учурлар болгон. Мындай мамиле ракка чалдыккандардын көңүлүн түшүрүп, ооруга оору кошкондон башка эч нерсе бербейт", — деп кошумчалаган ал.

Бирөөгө ор казба…

Оорулуулардын абалына түшүнгүсү келбеген Аллина бул иш боюнча, батир жалдоо боюнча прокуратурага арыз жазарын айткан. Анткен менен адистер кол топтоо алардын өздөрүнүн башына келтек болуп тийиши мүмкүндүгүн айткан.

Окуя онкологиялык оору менен жапа чеккен балдарга каршы коомчулукту тукурду деген маанайга ооп кетип, укук коргоо органдарына кат жолдосо, абал башка өңүткө өтүшү мүмкүндүгүн жактоочулар белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0