Камсыздандыруу акчасын алуу үчүн аялын чөктүрүп жиберген кытайлык кармалды

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүБассейнге түшүп жаткан аял. Архив
Бассейнге түшүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келиндин ата-энеси күйөө баласынын Кытайга алынып келишин талап кылууда.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кытайдын Тяньцзинь шаарынын тургуну 4,3 миллион доллар өлчөмүндөгү камсыздандыруу акчасын алуу үчүн жубайын Пхукеттеги мейманканалардын бириндеги бассейнге чөктүрүп өлтүргөн. Бул тууралуу Кытайдын Юстиция министрлигинин аккаунтуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Случаи нападения с ножом - Sputnik Кыргызстан
40 миң сомго күйөөсүн көз алдында бычактатып... 90-жылдардагы кылмыштар
Эркек киши кылмышты алдын ала пландаган. Камсыздандыруу полисин каттаткандан кийин аялы менен бир жарым жаштагы кызын алып Таиландга эс алууга барган. Аялын өлтүргөндөн кийин кызын алып Кытайга келген, бирок келиндин туугандары аны Пхукетке барып мейманканадан компенсация өндүрүүгө көндүрүшкөн.

Таиландга кайткан киши полиция бөлүмүнө барып, суракка алынган. Бир нече сааттан кийин кылмыш жасаганын моюндап, буга аялы менен жашагысы келбей калганын жүйө келтирген. Тартип сакчылары аны дроо кармап, камакка алган.

Маркумдун ата-энеси күйөө баласынын Кытайга экстрадицияланышын талап кылууда. Алардын айтымында, мындай кылмышы үчүн эркек өз мекенинде өлүм жазасына тартылат. Кытай бийлигинин экстрадициялоо талабын коюшу үчүн алар күйөө баласын алдамчылыкка күнөөлөп кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0