Instagram жетекчилиги VIP-аккаунт түзөт. Өзгөчөлүгү эмнеде?

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүInstagram баракчасы. Архив
Instagram баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аккаунттар 2019-жылы пайда болору айтылды.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Instagram тиркемесин иштеп чыккандар жакынкы аралыкта төбөсү көрүнгөн адамдар үчүн атайын аккаунттарды түзө турганын The Hollywood Reporter маалымдады.

11-я Неделя российского интернета RIW-2018 - Sputnik Кыргызстан
Instagram аркылуу аудио билдирме жөнөтүүгө жол ачылды. Жол-жобосу
Басылманын маалыматы боюнча аккаунттардын жаңы түрү кошумча функцияларга ээ болот. Арасында аккаунт ээсине катталгандардын майда-баратына чейин билүү, фолловерлердин билдирүүлөрүн иргөө, профилдин кеңейтилген статистикасы жана атайын белги бар.

VIP-аккаунтка ээ болчулардын катталуучулары белгилүү бир чекке жетиши керек. Мындай саамалык 2019-жылдан тарта колдонула баштай турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0