Мээнин чарчаганынан кантип арылса болот. Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйбага 30 студент катышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Мээнин чарчоосунан кантип арылса болорун Саратов мамлекеттик техникалык университетинин окумуштуулары айтып беришти. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.

Салат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдар үчүн эң жөнөкөй диета айтылды
Адистер көп деле акыл эмгегин талап кылбаган майда-чүйдө иштерден адам эмне үчүн чарчап каларын билүүгө аракет кылышкан. Илимпоздор 30 студентти тандап, аларды мээнин активдүү бөлүгүн так байкап туруучу системага кошуп коюшкан.

Маалыматты кабыл алып, иштеп чыкканга жооп берүүчү нейрондор 1,5–2 мүнөттүн ичинде өтө майнаптуу иштеп, андан соң кайра калыбына келиши үчүн убакыт талап кылары аныкталган. Окумуштууларга бул мөөнөттү дагы 50–90 секундга узартууга мүмкүн болгон.

Адистер адам өзүнө көңүл буруп, маани бере турчу функцияларды аткарган клеткаларын башкаруу үчүн алардын канчалык активдүү иштерин билиши керек деген пикирди айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0