Чан көчөдө бараткан адамдар. Архив

Ден соолукту жабыркатчу чаңдын курамындагы заттар аталды

330
(жаңыланган 20:26 16.12.2018)
Окумуштуулардын аныкташынча, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Американын Түндүк батыш университетинин окумуштуулары чаңдын курамында триклозан аттуу зат бар экенин аныктап, ал түрдүү микроорганизмдердин бактерияга каршы дарыларга туруштук берерин аныкташты. Илимий изилдөөнүн жыйынтыгы Science Alert сайтына жарыяланды.

Илимпоздордун айтымында, триклозан микроорганизмдин генетикалык кодун өзгөртөт. Андыктан алар бактерияга каршы түрдүү каражаттарды көп сезбейт.

Адистер, андан сырткары, спорт залдагы, бардагы, китепканадагы жана киши көп топтолгон жердеги чаңдын курамында да триклозан заты бар экенин айтышат.

330
Белгилер:
ден соолук, чаң, Окумуштуулар, медицина
Тема боюнча
Берлиндеги эколог Анарбаев: жазда ишембилик өткөрүү таптакыр туура эмес
Асман кызылга боелуп... Австралиядагы жүрөк түшүргөн бороондун видеосу