Секс куурчак. Архивдик сүрөт

Секс-куурчактын кооптондуруучу жагдайлары айтылды

2884
(жаңыланган 16:09 17.12.2018)
Тим Маккей секс-роботтордун так иштеши үчүн конструкторлор алардын кызматынан пайдалангандар туурасында маалымат топтошот.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Секс-роботтор уят видеолорго аңчылык кылган кибер кылмышкерлер тарабынан кооптуу техникага айланышы мүмкүн. Бул туурасында маалыматтык коопсуздук боюнча иштеген Synopsys компаниясынын техникалык кеңешчиси айтканын The Sun жазды.

Тим Маккей секс-роботтордун так иштеши үчүн конструкторлор алардын кызматынан пайдалангандар туурасында маалымат топтошот.

Кибер кылмышкерлер секс-куурчактардагы камера менен микрофондун иштешин аралыктан туруп эле көзөмөлдөй алышары айтылган. Процесс учурундагы маалыматтарга ээ болгондон соң ал кишини шантаж кылышы мүмкүн.

"Колдонгон адамдар акылдуу делген гаджеттерден көп нерсени күтүшөт, ал эми коопсуздук анын артынан жетпей калып жатат", — деген эксперт.

Маалымат алуу хакерлер үчүн анча деле кыйынчылыкты жаратпайт. Эксперт андыктан секс-куурчактын ээси өзүнүн коопсуздугуна өзү кам көрүшү керектигин айткан.

Аны сатып алып жатканда гаджет сыр сөз менен корголгондугун жана калган баскычтары ишенимдүү экендигине ынанышы керек. Керек болсо заводдукун өзү ойлоп тапкан вариантына алмаштырып коюу ылайык экени жазылган.

2017-жылдын январында Lovense Remote тиркемесинин колдонуучусу секс-куурчакты колдонууда башкарып жаткан буйруктар телефондун эсине сакталып кала тургандыгын таап алган. Кийинчерээк аталган өндүрүшчүнүн бул багыттагы дагы бир ушул сыяктуу жагдайы табылган.

2884
Белгилер:
секс, кооптуулук, аңдуу, эксперт
Тема боюнча
Швеция: эми түгөйлөр төшөк мамилеси үчүн алдын ала макулдук алышы керек
Окумуштуулар секс-роботтордун зыянын айтып, коңгуроо кагууда
Окумуштуулар секс-роботтун коомго тийгизген таасирин айтышты
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүп жатат

АКШда COVID-19га каршы эмделген киши эки сааттан кийин көз жумду

13
Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.

Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген. 

"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.

Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.

13
Белгилер:
эмдөө, вакцина, АКШ, өлүм, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Тоок. Архив

АКШда аял тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады

49
(жаңыланган 14:42 24.01.2021)
Блю деп аталган тоогунун абалын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда Веллингтон шаарынын тургуну тоогунун жүрөгүн дарылатыш үчүн 10 миң доллар сарптады. Бул тууралуу "National Geographic Россия" кабарлады.

Ага ылайык, эки жыл мурда аял зоологиялык дүкөндөн жөжө сатып алып, аны үйүндө багып келген. Тоогу Блюнун абалы начарлагандыгын байкаган кожойкеси адистерге кайрылган. Алар канаттуунун канынан анализ алып, УЗИ, рентген жана эхокардиографиядан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында тооктун жүрөгү ооруй турганы аныкталган.

​Ветеринарлардын көрсөтмөсүн укканда Селена Нотнагель тоогу жок жашай албай турганын айткан.

"Ал менин жанымдын бир бөлүгү. Күйөөмө "эгер Блю жакшы болбосо, анда чуңкурду экөөбүздү ылайыктап каз" деп айттым. Мен ал жок кантип жашаарымды билбейм", — деген Нотнагель.

Канаттууга адистер операция жасаган. Медициналык процедурадан кийин Блю тамак жеп, басып, мурдагы калыбына келген. Аны дарылатууга 10 миң долларга чукул каражат сарпталганы маалым болду.

49
Белгилер:
каражат, канаттуулар, операция, тоок, АКШ
Тема боюнча
Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео