Убийство журналиста Джамаля Хашукджи в Стамбуле

Журналисттин өлүмү: Эр-Рияд АКШ сенатынын айткандарын четке кагууда

(жаңыланган 10:55 18.12.2018)
Буга чейин АКШнын сенаты бейшемби күнү мураскер ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауд журналист Хажукшинин өлүмүнө күнөөлүү деген резолюция кабыл алган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Сауд Аравиясы АКШ сенатынын "мураскор ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауддун оппозициялык журналист Жамал Хашукжинин өлүмүнө жоопкер" дегенин четке какты. Бул туурасында РИА Новости SPA агенттигине шилтеме кылып жазды. 

Анда падышалыктын ТИМи билдирүү тараткан.

Буга чейин АКШнын сенаты бейшемби күнү мураскер ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Сауд журналист Хажукшинин өлүмүнө күнөөлүү деген резолюция кабыл алган.

"Сауд Аравия жакында эле АКШ сенаты падышалыктын ички ишине кийлигишкен негизсиз айыптоолорун четке кагат. Муну менен алар падышалыктын эл аралык жана аймактык ролун төмөндөтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган падышалыктын ТИМи эки тараптын ортосундагы "саясий жана экономикалык терең өнөктөштүктү" жана "коопсуздук жаатындагы кызматташууларды" эске салган. Сауд Аравиясы "АКШ менен мамилесинин өнүгүшүнө ынтызарлыгын бекемдеп жатып", падышалык америкалык сенаттын позициясы боюнча "тынчсыздангандыгын билдирген".

Анткен менен буга чейин Сауд Аравиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Жамал Хашукжинин өлүмү боюнча дүйнө коомчулугунун нааразылыгынан кийин мураскор ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Саудду тактыга жолотпоо ниетинде болуп жатканы боюнча маалыматтар чыккан

Американын Washington Post гезитинде баяндамачы болуп иштеген сауд аравиялык журналист Хашукжи 2-октябрда жоголуп кеткени кабарланган. Ал Сауд Аравиянын Стамбул шаарында жайгашкан консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес.

Ал эми 20-октябрь күнү Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастап, анын өлүмүнө Стамбулдагы консулдукта иштегендер менен болгон пикир келишпестиги себеп болгонун билдирген. Алар Хашукжи атайылап өлтүрүлгөндүгүн жана консулдуктун ичинде алгач муунтулуп, андан соң денеси жиликтелгендигин билдирген.

Хашукжи 2017-жылдан тарта АКШда жашап келген.

Белгилер:
сенат, Жамал Хашукджи, Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд, АКШ, Сауд Аравиясы
Тема боюнча
ЖМК: Хашукжинин өлүмүнөн кийин Эр-Риядда мураскер ханзада алмашышы мүмкүн
Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукджинин өлгөнүн ырастады
WhatsApp мессенджердин логотиби. Архив

Жаңы эрежени кабыл албасаңыз WhatsApp сиздин профилди өчүрөт

(жаңыланган 15:26 19.04.2021)
Жаңыланган келишимге ылайык, сиздин адаттарыңызды жана табитиңизди анализдөө үчүн WhatsApp колдонуучулардын жеке маалыматтарын Facebook тармагына өткөрүп берет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. WhatsApp мессенжери жаңыланган колдонуу келишимин кабыл албаган аккаунттарга 15-майдан тарта чектөө киргизет. Бул тууралуу платформанын сайтында айтылат.

Компания колдонуучунун жаңылануулар боюнча кенен маалымат алуусу үчүн 15-майга чейин убакыт берди. Мессенжер кардарлардын профилин дароо өчүрүп салбайт. Деген менен алар жаңы эрежени кабыл алмайынча башкалардан келген коңгуроолор менен билдирүүлөргө жооп бере албайт.

Россиянын "Башкы радиожыштык борбору" Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын илимий-техникалык борборунун адистери WhatsApp тиркемесин колдонуу келишиминдеги жаңыланган саясатында АКШнын чалгындоо кызматы тиркеме колдонуучуларын аңдып, алардын пикирин бурмалоо коркунучу пайда болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен.

Январь айынын башында WhatsApp колдонуу шарттарын өзгөрттү. Ага ылайык, эми колдонуучулар Facebook жарнама тутумуна жана анын тиркемелерине өзүлөрүнүн адаттары жана табити боюнча маалыматтарын тапшыруусу керек. Кийинчерээк айтылган сындарга байланыштуу мессенжер колдонуу келишиминин мөөнөтүн 8-февралдан 15-майга чейин узартып койду.

Белгилер:
эреже, өчүрүү, жазышуу, аңдуу, WhatsApp
Тема боюнча
Clubhouse колдонгон 1,3 млн. кишинин маалыматы ачыкка чыгып кетти
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров

Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

(жаңыланган 11:33 19.04.2021)
Экономика илимдеринин доктору, профессор Төлөнбек Абдыров өлкөдө өндүрүш ишканалары дээрлик иштебей жатканын белгиледи.
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат

Эгемендүүлүк алган жылдары өлкө экономикасында секирик жасай турган кадамдар жасалган жок. Бул тууралуу Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 30 жылдын ичинде курулуш жана тейлөө тармагы гана көтөрүлгөн.

"Соңку 30 жылдын ичинде өлкөдө экономикалык секирик кыла турган кадамдарды жасай алган жокпуз. Эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарда экономиканын структурасында айыл чарба тармагы 36 пайыз, өндүрүш 27 пайыз, курулуш сегиз жана тейлөө тармагы 33 пайызды түзчү. Кийин айыл чарба 12 пайызга түшүп калган. Ортодогу айырмачылык дээрлик 24 пайыз. Учурда өндүрүш 18 пайызды түзгөнү менен анын ичине Кумтөр да кирет. Өлкөдө салыштырмалуу жакшыраак абалда иштеп жаткан жалгыз гана тейлөө тармагы болуп калды. Пандемия учурунда бул багыт да аксап, бюджетке 30 миллиард сомдун тегерегинде каражат түшкөн жок. Бул дароо ички экономикага терс таасирин тийгизди. Ошондуктан биз ЕАЭБдин потенциалын колдонушубуз керек, бирок атаандаштыкка туруштук бере албай жатабыз. Себеби ишкерлерге жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлбөй, бизнеске колдоо жок. Азыркы бийлик бул багытта бир катар чечимдерди кабыл алууда, алар өз натыйжасын берет деген үмүттөмүн", — деди Абдыров.

Ошондой эле ал пандемиядан көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасы жабыр тартканын айтып, бирок аларда инновация өнүккөндүктөн анча кооптуу жагдай жаралбаганын кошумчалады.

Белгилер:
Төлөнбек Абдыров, Евразиялык экономикалык биримдик, пандемия, айыл чарба, экономика
Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду