Индияда энеси менен отурган 3 жашар наристе кабыланга жем болду

© Sputnik / Файед Эль-Гезири / Медиабанкка өтүүКабылан. Архив
Кабылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо кызматынын адиси жырткычты өз көзү менен көргөнүн, бирок кармай албай жүргөнүн айткан.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Индиянын түндүгүндөгү Жамму жана Кашмир штатынын тургунунун үйүнө кабылан кирип барып, үч жашар баланы сүйрөп кетти. Бул тууралуу NDTV телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эне-бала ашканада отурганда үйдүн ичине чуркап кирген жырткыч наристени жула качкан. Бир нече убакыт өткөн соң баланын башы жок сөөгүн токойдон табышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул кабылан адамга кол салган биринчи мисал эмес.

"Акыркы эки ай ичинде эле жырткычка үч адам жем болгон. Буга чейин ушул эле аймакта жашаган сегиз жаштагы окуучу кабыландын азуусунан ажал тапкан", — деп жазылат макалада.

Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо кызматынын адиси жырткычты өз көзү менен көргөнүн, бирок кармай албай жүргөнүн айткан.

Маалыматка караганда, Индияда ушул тапта 12-14 миң кабылан бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0