Песков: Путин мобилдик телефон көтөрбөйт, маалыматты башка жол менен алат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким
Президент РФ В. Путин провел телефонный разговор с главами ДНР А. Захарченко и ЛНР И. Плотницким - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Песков Россия лидери өкмөттүн жабык байланышын пайдаланарын айтты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин мобилдик телефон көтөрбөйт. Бул туурасында Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Папкалап кагазга чыгарылган маалыматтар, дайджесттер, теле дайджесттер бар. Алар ар кандай абалда. Президент компьютерге отуруп, интернетти карайт. Мен билгенден чөнтөк телефон көтөрбөйт. Өкмөттүн мурдагы эски, көзгө жакшы көрүнгөн телефондору — жабык байланыштар азыркы смартфондордон да көп жашайт. Смартфон көтөрүү өзүңдүн маалыматтарыңды ачык берип коюу менен барабар. Президентте мындай болбошу керек. Анын үстүнө Россиядай мамлекеттин президенти Путин үчүн бул ылайыксыз", — деген Песков.

Буга чейин окумуштуулар чөнтөк телефондун жанында уктоонун зыяндарын айтып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0