Жылдыздуу асман: Москванын жаңы жыл алдында кереметтүү кубулушу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКызыл аянт. Архив
Кызыл аянт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда жаңы жыл оливье салатын даярдап алып, өзгөчө бир ынтымактуу маанайда тосчу үй-бүлөлүк майрам. Бирок акыркы беш жылдын ичинде шаар тургундары менен коноктор майрамды көчөдө тосуп калышты. Анткени оттор күйүп, жомоктогудай керемет сезимдерди тартуулайт.

Кылым карыткан салттар

Жаңы жылды Россияда байыртан бери майрамдашат. Бирок аны 1700-жылдарга чейин март айынын башында тосушса, кийин 1-сентябрга жылып кеткен. Алгачкы Россия императору Петр I жылдарды жаңыча санатып, ал эми жаңы жылды Европадагыдай 1-январда тособуз деп өзгөртүү киргизген. Ошондон тарта Москванын көчөлөрү, балатылар кооздоло баштаган.

Шаар тургундарына бири-бирин куттуктаганга, майрамдын урматына ракета аттырганга, асманга ок чыгарууга уруксат берилген. Ал эми Кызыл аянтта фейерверктер көктү көздөй зуулдаган. Дал ошол учурда элдин жапырт сейилдөөлөрү, маскарад кечелери пайда болгон.

1917-жылы монархия кулаган соң бул майрам жокко чыгарылып, балатылар кооздолбой калган. Анткен менен мындай шаңдуу майрамды кайрадан элге 1935-жылы Сталиндин бийлиги учурунда кайтарып беришкен. 1947-жылы 1-январь дем алыш катары жарыяланып, 1969-1970-жылдардан тарта мамлекеттин башчысы элди куттуктай баштаган.

© Sputnik / Анатолий Гаранин / Медиабанкка өтүүМосква, 1939-жыл
Москва, 1939 год - Sputnik Кыргызстан
Москва, 1939-жыл

Советтер союзу учурунда Москва шаарынын көчөлөрүндө кооздолгон балатылар, Аяз ата, Аяз кыз, кар кишинин турпаттары, куттуктоо сөздөрү жазылган көрнөк-жарнактар пайда болчу. Ошондой эле балаты базарлары жана жаңы жылдык жарманкелер ачылчу. СССР кулагандан кийин бул салттар сакталып калганы менен акыркы жылдары бардыгы атайын сценарий менен жасалып калды.

© Sputnik / Л. Носов / Медиабанкка өтүүОктябрдын 50 жылдыгы (азыркы Манеж) аянтындагы жаңы жылдык балаты
Новогодняя елка на площади 50-летия Октября (ныне Манежная площадь) - Sputnik Кыргызстан
Октябрдын 50 жылдыгы (азыркы Манеж) аянтындагы жаңы жылдык балаты

2012-жылдан тарта борбор калаада эс алуучулар үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлө баштады. Көптөгөн чет элдик коноктор шаар өзгөрүп, ыңгайлуураак болуп калганын белгилешти.

Ошондой эле жети жылдан бери имарат, көпүрө жана эстеликтерге түркүн-түстүү жарыктар илинип, көз жоосун алган керемет жайлар пайда болууда.

Ири шаардагы дизайн

2012-жылы Москвада жөө адамдар үчүн Камергерский, Кузнецк көпүрөсү, Рождественка сыяктуу көчөлөр пайда болду. Ал эми шаарды кооздоонун бирдиктүү концепциясы 2013-2014-жылдары пайда болду.

Ошол тапта россиялык белгилүү дизайнер Артемий Лебедевдин дизайнерлик студиясы шаардын Маданият департаментинин буюртмасы менен жаңы жылдык логотип, паттерн, бордюр жана пиктограммаларды жасаган. "Кыштын мыкты шаары" — бул жаңы жылдык шөкөттөөнүн урааны болуп калган.

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүЖомоктогудай жаңы жылдын жомоктогу каармандары
Новогодние мероприятия в рамках фестиваля Лучший город зимы - Sputnik Кыргызстан
Жомоктогудай жаңы жылдын жомоктогу каармандары

Киши баса турчу жаңы аймактарды, бульварларды жана скверлерди анда өзгөчө декоративдүү элементтер жана күйүп турган сөлөкөттөр менен кооздошкон болчу. Жалпы Москва боюнча болжол менен 12 миң күйүп турган майрамдык кооздуктар орнотулган. Көчөлөрдө "Жылдыздуу асман" конструкциясы менен бактар пайда болгон.

Ошондо биринчи жолу "Москва сезону" циклиндеги "Рождествого саякат" деп аталган фестиваль өткөрүлгөн.

Күйүп-жанган оттор

Кийинки 2014-2015-жаңы жылга карата шаарды кооздоо үчүн "Күйүп-жанган оттор" концепциясы иштелип чыккан. Кишилер баса турчу жерлердин үстүнө күйүп турган өзгөчө конструкция илинген.

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосквадагы жаңы жылдык инсталляциялар
Новогодние инсталляции в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы жаңы жылдык инсталляциялар

Шаарга жаңы жылдык миңдеген балатылар орнотулган. Алардын ичинде заманбап материалдарды колдонуу менен жасалган өзгөчө балатылар да бар.

Шаардын маанилүү аянттары — Смоленск, Зубовск, Павелецк, Серпухов, Таганск жана башкаларга бирдей бийиктиктеги балаты орнотулганы менен бири-биринен айырмаланып шөкөттөлгөн. Эң маанилүүсү кооздоо концепциясын москвалыктар өздөрү "Активдүү жаран" шаардык порталы аркылуу тандашкан.

© Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосквадагы Театр аянтынын алды жагы, башкача сезим тартуулаган көрүнүш
Новогодние инсталляции на Театральной площади в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы Театр аянтынын алды жагы, башкача сезим тартуулаган көрүнүш

Салтка айланган Жаңы жылдык жана Рождество майрамына кошумча 2015-жыл "Орус адабиятынын жылы" деп жарыялангандыктан ошого да ылайыктап кооздолгон.

Почта маркасы

2015 жана 2016-жылдарды тосуп жатканда шаар жаңы жылга карата почта маркасы менен кооздолгон. Анткени Жаңы жыл менен Рождество майрамында куттуктоо жана жакшы тилек айтылгандыктан открытка менен почта маркасы дал ушул нерселер менен байланыштырылат.

Аянтта жана жаңы коомдук жайларда, киши баса турчу көчөлөрдө көлөмдүү декоративдүү конструкциялар, чоң балаты оюнчуктары, гүл түспөлүндөгү күйгөн фонтан коюлган. Мына ушунун баары "Жаңы жылдык маанай" темасын байланыштырып турган.

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүГУМдагы майрамдык көрүнүш
Новогоднее оформление ГУМа - Sputnik Кыргызстан
ГУМдагы майрамдык көрүнүш

Ушундай эле стилде өлкөдөгү эң башкы дүкөндөрдүн бири болгон ГУМ дагы кооздолгон. Ал Кызыл аянтта жайгашкан.

Италия менен болгон достук

2017-жылды тосууга Москва Италия стилинде кооздолгон. Анда негизги көңүл италиялык маанайдагы оюм-чийимде жасалган. Келе жаткан 2017-жылдын логотиби да, шаарга коюлган күйүп турган конструкциялар да ушундай жасалган. Бийликтегилер мындай кадамын Россия менен Италия тарыхынын окшоштугу менен түшүндүрүшкөн.

Шаарга күйүп турган чоң шарлар, арка жана фонтандар коюлган.

© Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Рождествого саякат" фестивалынын ачылышынан бир көрүнүш
Открытие московского фестиваля Путешествие в Рождество - Sputnik Кыргызстан
"Рождествого саякат" фестивалынын ачылышынан бир көрүнүш

"Рождествого саякат" фестивалынын алкагындагы жаңы жылдык иллюминация абдан эсте каларлык болду. Шаардын жаңы жылга карата кубулганына жаңы гана көнө баштаган москвалыктар көчөдө кубануу менен сейилдеп "өзгөчө" кооздуктардын жанында сүрөткө түшүшкөн.

Биздин бардык жашообуз — театр

2017-2018-жаңы жыл майрамдарына театр темасы тандалган. Андыктан, көчөлөрдө театралдык көпүрөчөлөр, беткап кийген ар кыл сөлөкөттөр, жаркылдаган көшөгөлөр, желпингичтер пайда болду. Шаар ачык асман алдындагы оттору күйүп-жанган театрга айланды.

"Рождествого саякат" фестивалын өткөрүүгө карата Тверь, Моховая жана Охотный Ряд көчөлөрү 31-декабрдан 3-январга чейин жабылды.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖомок дүйнө, керемет дүйнө!!!
Предновогодняя Москва - Sputnik Кыргызстан
Жомок дүйнө, керемет дүйнө!!!

Фестивалда ар кыл номерлерди, анын ичинен спектаклдерди көрсөтүштү. Коноктор ар кыл даамдарды татып, инсталляциялардын фонунда сүрөткө түшүп, ырдап-бийлегенге мүмкүнчүлүк алышты.

Көп түрдүү кор

Жаңы жылдык кооздуктардын баары эле бир жолку колдонуу үчүн жасалбайт. Алардын бир тобу бир нече ирет пайдаланылат.

"Шаар көлөмдүү-декоративдүү элементтердин жетишерлик корун топтоду. Ал кооздуктар менен камсыздоодо көп чыгымды жумшоого жол бербейт",— деп айтып беришти Москванын биргелешкен энергетикалык компаниясынан.

Ири объектилердин ичинен жарык орнотулган аркалар бир нече ирет колдонулуп келет. Аларды Тверь, Пушкин, Революция аянттарынан жана Камергерский, Газета кыска көчөлөрүнөн, Новопушкинск скверинен көрүүгө болот. Шаар тургундары менен коноктордун көңүлүн өзгөчө Чоң Дмитровка көчөсүндөгү "Жылдыздуу асман" деп аталган конструкция жана Никольск көчөлөрүндөгү жаркырактар тагылган бактар бурган.

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү"Рождество жарыгы" деп аталган эл аралык фестиваль. Москва шаары
Международный фестиваль Рождественский свет в Москве - Sputnik Кыргызстан
"Рождество жарыгы" деп аталган эл аралык фестиваль. Москва шаары

"Жалпысынан алганда шаарга жаңы жылдын майрамдык көркүн берип турган көлөмдүү-декоративдүү курулуштар же кайрадан орнотулат, же анча көп эмес өзгөртүлүп, жаңы түскө ээ болот", — деп кошумчалашкан аталган уюмдан.

Ар кыл табитке жараша

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКызыл аянттагы жылгаяктын ачылышы
Открытие ГУМ-Катка на Красной площади - Sputnik Кыргызстан
Кызыл аянттагы жылгаяктын ачылышы

Москвада Жаңы жыл, Рождество майрамдары жана жарманкелер өткөрүлөт. Манеж жана Кызыл аянттарында жарманкелерди өткөрүү салтка айланып калды.

Бул базарларда соодадан сырткары көңүл ачкан жерлер, маселен, селкинчектер менен каруселдер да иштейт. Ал эми Кызыл аянтка муз тоңдурулуп, эл жылгаяк тебет.

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКызыл аянт, кыш, муз тепкен эл
Красная площадь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кызыл аянт, кыш, муз тепкен эл

Кузнецк көпүрөсү сыяктуу көчөлөрдүн эл баскан жерлеринде рождестволук базарлар жана жарманкелер ачылат. Шаардык сейил бактарда Эл чарба жетишкендигинин көргөзмөсүндө, "Сокольники" жана Горький паркына Москвадагы эле эмес, Европадагы эң чоң муздар куюлат.

Шаардагы өзгөрүүлөр Москваны чет элдик жана өлкө ичиндеги туристтер арасында эң кызыктуу жайга айландырды. Көп саякатчылар Россиянын борбору өзгөрүлүп, ыңгайлуу боло баштагандыгын айтышкан. Чет элдиктер да европалык башка борбор шаарлар сыяктуу эле бул жерди жаңы жылды өткөрүү үчүн тандай баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0