БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. NASA жерге уламдан улам жакындап жаткан астероиддин сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Окумуштуулар 2003 SD220 сыртынан дарыяда сүзүп бараткан бегемотко окшошуп кетерин белгилешет. Астероид Рождество майрамына чейин пайда болгондуктан NASA аны "майрамдык" астероид деп атап койгон.Анын узундугу 1,6 чакырымга жеткендиктен Жер үчүн кооптуу деп эсептелет. Бирок окумуштуулар жакынкы жылдары коркунуч жаратпай турганын белгилешүүдө.
Адистер маалымдагандай, акыркы 400 жыл ичинде 2003 SD220 Жерге 2,9 миллион чакырымга жакындаган.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстан Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп, электр энергиясы өлкөгө импорттоло баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз. Бул өлкөгө электр энергиясын сырттан алып келүү зарыл дегенди түшүндүрөт.
"Товар алмашуу шарты менен биз Өзбекстандан 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөштүк. Электр энергиясы импорттоло баштаган. Бул иш быйыл жана кийинки жылдын биринчи кварталына чейин уланып, жай мезгилинде тыныгуу болуп турат. Электр энергиясын кайтарып берүү жайында башталып, карызды үч жылдын ичинде берип бүтүп калабыз", — деди Турдубаев.
Ал быйыл Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 900 миллион киловатт-саат бере турганын белгилеп, коңшуларга кайра Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап бере турганын кошумчалаган. Муну менен Кыргызстан үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну коё берип, ошону менен кутулат.
БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.
"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.
Рубрика: Коом
Инжект: https://sputnik.kg/society/20210421/1052205273/osh-menen-rostov-na-donuga-kattam-achyldy-surot.html
Теги: Кыргызстан Иран ТИМ авиакаттам элчи сүйлөшүү