Индонезияда цунами 43 кишинин өмүрүн алып кетти

© AFP / SemiПоследствия цкнами на пляже Карита. Индонезия
Последствия цкнами на пляже Карита. Индонезия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цунаминин кесепетинен бир канча үйлөр менен мейманканалар талкаланган.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Индонезияда болгон цунами 43 кишинин өмүрүн алып, 584 кишини жабырлантты. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Землетрясение в городе Палу в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
10 секундда жок болгон шаар-кыштактар. Индонезиядагы цунаминин видеосу
Кырсык Индонезиянын батыш тарабындагы Ява жана Суматро аралдарын бөлүп турган Зонд куймасынын аймагында болгон.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт менен алганда 04.30да (Бишкек сааты боюнча 03.30) дагы эки киши дайынсыз болуп жатат. Алар маалыматтар түшкөн сайын жабырлангандардын саны өсүшү мүмкүндүгүн айтышты.

Цунаминин кесепетинен бир канча үйлөр менен мейманканалар ураган.

Буга чейин, 28-сентябрда, Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгинде магнитудасы 6,1 жана 7,4кө жеткен эки жер титирөө катталып, андан соң Палу шаарын бийиктиги эки метрге жеткен цунами каптаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0