Жаңы жылдык майрамдардын кишиге тийгизген адаттан тыш кесепеттери айтылды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСалат "Оливье"
Салат Оливье - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жылдары дарыгерлер менен окумуштуулар кишилер үчүн катардагы жана өзгөчө окуялар алардын психикасы менен өмүрүнүн узактыгына кандай таасир берерине кызыгып келишкен.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жаңы жыл жана Рождество майрамдары учурунда көп жеген тамактан пайда болгон ашыкча салмак кийинки айда эле жок болуп кетпейт. Ал бир жылга чейин жүрөрүн RAND саламаттык сактоо уюмунун аналитиктери эсептеп чыгышкан.

Акыркы жылдары дарыгерлер менен окумуштуулар кишилер үчүн катардагы жана өзгөчө окуялар алардын психикасы менен өмүрүнүн узактыгына кандай таасир берерине кызыгып келишкен.

Машыгып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком канча кыргызстандык ашыкча салмактан жабыр тартарын аныктады
RAND уюмунун экономисти Роланд Штурм кесиптештери менен бирге жаңы жылдык майрамдарда кишинин жеген тамактарынын тийгизген адаттан тыш кесепеттерин аныкташты. Алар Түштүк Африка республикасындагы жарым миллион кишинин маалыматтарын анализдеп чыгышкан. Андан сырткары, ыктыярчылардын жеген тамактары алардын салмагына, диетасынын калорийине тийгизген таасирин да иликтешкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгында ыктыярчылардын алган кошумча салмагы дал ушул жаңы жылдык майрамдарга туура келген. Орто эсеп менен алганда эркектер менен аялдар ноябрь жана декабрь айларында 0,35 жана 0,2 килограмм салмак кошушкан. Бул салмак ыктыярчылар январдан тарта туура тамактанууга өткөнүнө карабай жок болуп кеткен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0