Ракета менен жасалган соккуну кайра кайтарган сириялык аскерлер. Видео

© REUTERS / Omar SanadikiАртобстрел Дамаска
Артобстрел Дамаска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соккуну Израиль аскерлери Ливандын аба мейкиндигинен жасаган.

БИШКЕК, 26-дек. – Sputnik. Интернетке Дамаск аймагында абадан жасалган ракета соккусуна сириялык аскерлердин асмандан жооп берген видеосу тарады. Бул турасында РИА Новости жазды. 

SANA агенттигинин маалыматына караганда, соккуну Израиль аскерлери Ливандын аба мейкиндигинен жасаган. Анын кесепетинен сириялык үч аскер кызматкери жабыркап жана ок-дары салынган кампага зыян келген. Анткен менен Сириянын мамлекеттик ЖМКлары бир канча соккуларга жооп болгонун жазды. Анын ичинен РИА Новостинин кабарчысы шаардан бир нече жарылууларды уккандыгын айтып, бирок себеби аныктала электигин кошумчалады.

NNA агенттиги Израилдин аскер аба күчтөрү Ливандын аба мейкинине кирип, төмөнкү бийиктикте сокку катары бир нече маневрларды жасагандыгын жазган. Басылма ок чыгаргандар абадан жасалган соккуга каршы колдонулган каражаттарды пайдалангандыгын жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0