Нострадамустун модели. Архивдик сүрөт

2019-жылы кандай окуялар болот? Нострадамус менен Ванганын айтып дегени

4262
(жаңыланган 17:49 09.02.2019)
Sputnik эл оозундагы көз ачыктар менен астрологдордун божомолун карап көрдү. Айтылгандардын айрымдары ишенимдүү көрүнсө, кээси акылга сыйгыс нерселерди да божомолдоп жиберген. Кандай болгон күндө мындай "көз ачыктык" дайыма адамдын кызыгуусун жаратып келген.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 2019-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону көп киши берет. Аларга экстрасенстер, көз ачыктар жооп берүүгө аракет кылышат. Sputnik белгилүү көз ачыктардын айтып дегенин сунуштап турган чагы.

Алардын эң эле айтылуусу — Нострадамус деген латын ысымы менен белгилүү Мишель де Нотрдам өз убагында 2019-жылга да саресеп салганы.

Sputnik Армения агенттигинин айтымында, орто кылымда жашаган атактуу астролог жана дарыгер билгенин латын, эски француз, италия жана грек тилдерин аралаштырып жазган. 

Көз ачыктын божомолунун баары "Мишель Нострадамустун алдын ала айтуусу" деген китепке уйкашкан төрт саптар (катрен) болуп жарыяланган.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш

Нострадамустун тексттерин чечмелеген француз блогерлер көзү ачык 2019-жылы үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанарын айтканын жар салышты.

Кагылышуунун бир тарабында АКШ же Европа, экинчи жагында Россия же Кытай болору божомолдонгон. Бул согуш узакка, 27 жылга созулары да айтылган. Эгер китептеги сөзгө ишенсек, окуя Батыштын алсызданышын шарттайт экен.

Мындан тышкары, Нострадамус маалыматтык согуш — "сөз кылычтан курч болгон" мезгил тууралуу да саймедирейт. Ошондой эле экстремисттик идеялар жайылгандыктан, терактынын да көп болору айтылат.

Астролог бир катар европалык мамлекеттерде дүйнө тааным өзгөрө турганын божомолдойт. Андан тышкары, 2019-жылы Батышта христиандык баалуулуктардын мааниси төмөндөп, ислам кеңири кулач жаят деген.

Ири жер титирөөлөр жана сел

Нострадамус кирип келе жаткан жылы табигый кырсыктар да көп болорун айтып кеткен. Негизинен АКШда үрөй учурган жер титирөө болуп, бул зилзала өлкө тарыхындагы эң ири кырсык болорун боолгологон. Бул айтылгандарды эске алуу менен изилдөөчүлөр жер титирөөнүн очогу Калифорния менен Ванкувер аралынын (Канада) ортосунда жайгашарын аныктып чыгышты.

Илимпоздун айтканы боюнча, бул жылда сел да көп жүрөт. Суу Түркия менен Ирандын чегиндеги аймакты каптайт деген божомол бар.

200 жашка чейин өмүр сүрүү

Нострадамус 2019-жылы жарыкка келгендер 200 жашка чейин өмүр сүрө турганын да айткан. Көз ачык буга медицинадагы жетишкендиктер себепчи болот деген пикирде экен.

Мындан тышкары, илимпоздор заманбап технологиянын жардамы менен түзүлүш ойлоп таап, ал жан-жаныбардын "тилин түшүнүүгө" өбөлгө болорун да божомолдогон.

Баса, Нострадамус 2018-жылы дүйнө жүзүнүн баары сезе турган жер титирөөлөр болорун да айтып кеткен эле. Быйыл зилзаладан Венесуэла, Индонезия менен Япония катуу жабыркады, ал эми АКШнын Калифорния штатында токой өртү бир топ кесепетке кептеди.

Ванга эмне дейт?

Известная болгарская ясновидящая Ванга
© AP Photo / BTA
Болгариялык көзү ачык Ванга
2019-жылга болгон божомолун 1996-жылы каза болгон болгариялык көз ачык Ванга да калтырып кеткен.

The Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча, Ванга 2019-жылы эки дүйнөлүк лидердин ортосунда чоң пикир келишпестик жараларын айткан. 

Кирип келе жаткан жылы Россия президенти Владимир Путин өзүнүн коопсуздук командасындагы адамдын кол салуу аракетине дуушар болсо, АКШ лидери Дональд Трамп белгисиз оорудан кулагы укпай калышы мүмкүн экен.

Европа ири экономикалык коллапстан улам кыйроого учурай турганын айтып, буга Улуу Британиянын Европа биримдигинен (Brexit) чыгуусу себеп болорун боолгологон.

Көз ачыктын айтканына караганда, Пакистан, Индия, Кытай, Япония жана Индонезияда жер катуу титирейт.

Белгилей кетсек, болгариялык көз ачык буга чейин Brexit тууралуу, "Ислам мамлекетинин" пайда болорун, 11-сентябрдагы АКШдагы теракт жана "Курск" суу алдында жүрчү кеменин кыйроосун алдын ала айткан.

4262
Белгилер:
көзү ачык, дүйнө, кабарчы, маалымат, Нострадамус
Тема боюнча
Таза суу тартыш боло баштайт. Окумуштуулардын иликтөөсү
Азиянын ири шаары жер алдында калышы мүмкүн
Трейдерлер фондулук биржада. Архив

Кыргызстандагы жаңылыктардан кийин Centerra Gold Inc акциялары арзандап кетти

154
(жаңыланган 13:55 08.05.2021)
Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. "Кумтөр голд компани" ишканасына каршы доо арыз жана сырттан башкаруу боюнча жаңы мыйзам долбоору тууралуу жаңылык тараган соң Centerra Gold Inc компаниясынын акциялары Канада жана Нью-Йорк фонддук биржаларында арзандап кетти.

Кечээ Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарды. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.

Канада биржасында Centerra акциялары 29,97 пайызга арзандап кетти. Investing.com сайтындагы маалыматка караганда, соода башталган учурда 11,98 Канада доллары турган бир акциянын баасы кийин 8,39 долларга түшүп калды. Ал эми Нью-Йорк биржасында акциялар 29,82 пайызга төмөндөдү. Бир акциянын баасы 9,86 АКШ долларынан 6,92ге чейин түштү.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

154
Белгилер:
биржа, акция, Кумтөр, Centerra Gold Inc, Кыргызстан
Тема боюнча
Абдыров: ишкерлер ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн колдоно албай жатышат
Өлкөнүн ички дүң продукциясы 9,4 пайызга төмөндөдү. Үч айлык статистика
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт

Банктагы акчаны шылуундардан кантип коргоо керек? Жол-жобосу

40
(жаңыланган 11:01 08.05.2021)
Финансылык маселелер боюнча консультанттын айтымында, акчаны бир нече банктык картага бөлүп кармоо коопсуз.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Банктагы акчаны шылуундардан сактоо жолдорун "Организация личных финансов" компаниясынын башкы директору, финансылык маселелер боюнча консультант Алёна Никитина Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.

"Шылуундарга сиздин банктагы эсепке жетүүгө картаңыздагы маалыматтар эле жол ачып берип коёт. Андыктан интернет аркылуу соода кылганда, кайсы бир сайттан күмөн санап калсаңыз, дароо картаны блокко койдуруп, жаңы карта чыгартып алууга аракет кылыңыз. Банк картаны кайра басып чыгарып бергенде андагы маалыматтар, кээде номер дагы өзгөртүлөт", — деди Никитина.

Ошондой эле адис акчаны бир нече картада бөлүп кармоону сунуштаган.

"Мындай учурда онлайн соода кылуу үчүн бир гана банктык картаны пайдаланыңыз. Шылуундар ага кол салса, башка эсептердеги каражатыңыз аман калат", — деди консультант.

Мындан тышкары, ири суммадагы акча сакталып турган эсепке карта жасатпай эле койгон оң деген кеңешин берди.

40
Белгилер:
шылуун, кеңеш, адис, коопсуздук, эсеп, банк, акча
Тема боюнча
Улуттук банк пайда көрүү үчүн чет элдик валюта сатып алчуларга кеңеш берди

Токтогул суу сактагычы кейиштүү абалга жеттиби? Дрондон тартылган видео

0
Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кетти. Биз абалды жеринен тартып, сиздерге көрсөтөлү дедик.

Токтогул гидроэлектростанциясы өлкөнүн электр энергиясынын дээрлик 30 пайызын иштеп чыккан Кыргызстандагы эң башкы ГЭС болуп саналат. Ал жарым кылым илгери 25 айылдын, бир кыш заводунун жана Токтогул көлүнүн ордуна курулган.

Күн жылуу маалында ал толот, ал эми суук түшкөндө жылытуу сезонуна коротулат.

Суу сактагычка 19,5 миллиард куб метр суу батат. Ал канчалык көп толсо, кышында жылуулук, электр энергиясы тартыш болбойт.

Эгерде суунун деңгээли 5,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кетсе, анда станция эч кандай электр энергиясын иштеп чыгара албай калат. Быйыл суунун көлөмү кескин азайып, суу сактагычтын түбүндө калган кыш заводунун курулуштары көрүнүп калды.

Айрым "кара археологдор" пайда табуу максатында металл издеп, урандылардын жанындагы жерди казышкан. Мындай суу аз калган учурлар буга чейин да катталган. "Электр станциялары" ишканасынын маалыматына ылайык, суу сактагычта суунун көлөмү 2009-жылдын май айында 6,3 куб метр, 2014-жылдын майында 8,4 миллиардга чейин түшкөн. Учурда сууну деңгээли 9 миллиард куб метрди түзөт.

0
Белгилер:
электр энергиясы, суу, деңгээл, ГЭС, Токтогул суу сактагычы
Тема боюнча
Министр: Лейлек районуна суу сактагыч куруу пландалып жатат