Магнитогорск шаарындагы газ жарылган үйдүн урандылары

Каза тапкандардын саны жетиге жетти. Магнитогорскидеги кырсык

(жаңыланган 17:50 09.02.2019)
Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү таңкы саат 04.00дө көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган.

БИШКЕК, 1-янв. – Sputnik. Магнитогорск шаарындагы газ жарылган үйдүн урандыларынын алдынан жети адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМге шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"Буга чейин беш кишинин сөөгү табылганы айтылса, учурда каза болгондордун саны жетиге жетти. Анын ичинен бешөөнүн сөөгүн жакындары тааныды. Дагы беш адам ооруканада, алардын бири өтө оор абалда", — деп жазылат кабарда.

Эске салсак, Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында 31-декабрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 04.00дө көп кабаттуу үйдүн подъезди урап калган. Урандынын алдында 40ка жакын адам болушу мүмкүндүгү болжолдонуп жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, көп кабаттуу үйдөн газ жарылган.

Белгилер:
үй, кырсык, жарылуу, өлүм, Магнитогорск
Тема:
Магнитогорскидеги трагедия (9)
Тема боюнча
Магнитогорскиде үйдүн подъезди урап 4 адам каза тапты, дагы 40 киши изделүүдө
Эт жеп жаткан адам. Архив

Организмди талкалай турчу азык, суусундуктар. Тизме

Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.

Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.

Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.

Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.

Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.

"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.

Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.

Белгилер:
алдын алуу, дарт, суусундук, азык-түлүк, организм, диетолог
Тема боюнча
Вирусту жолотпойт! С витаминине бай алты азык аталды
Эксперт: туура тамактанган баланын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору болот

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео