Өзбекстан менен Кыргызстандан чыккандар Швецияда террорчулукка айыпталууда

© AFP / Johan NILSSON / TT News AgencВзрыв в Мальме
Взрыв в Мальме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдын апрель-октябрь айылдарында полиция террорчулукка шектүү катары Өзбекстан менен Кыргызстандан чыккан беш адамды кармаган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Өзбекстан менен Кыргызстандан чыккандар Швецияда террорчулука айыпталганын РИА Новости жазды. 

Швециянын прокуратурасы декабрь айында террорчулукка шектүү деп алты кишиге күнөө койгон.

Буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 2018-жылдын апрель-октябрь айларында полиция террорчулукка шектүү катары Өзбекстан менен Кыргызстандан чыккан беш адамдын кармалгандыгын жазган. Алардын биринин 2017-жылы Стокгольмдогу терактыга айыпталып өмүр бою кесилген Рахмат Акилов менен байланышта болгондугу айтылат.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия жана КМШ аймагында теракт уюштурууга келген согушкер кармалды
Швеция тараптын маалыматына караганда, шек жараткандардын үчөө атайын химиялык заттар менен жабдууларды сатып алып, жардыруу жасаганга даярданган. Алтоо тең өзгөчө оор кылмышты каржылаган деп күнөөлөнүп жатат. Анда "Ислам кыймылы" террордук уюму пайдаланган акчаны жөнөтүп турган делет.

Маалыматта кылмыш Стокгольмдун тегерек-чети менен Борбордук Швециянын Стрёмсунд шаарында жасалганы кабарланган. Шектүүлөр күнөөнү танып, мойнуна алган эмес. Алтоонун бирөө учурда камакта. Соттук угуулар 2019-жылдын 7-январынан башталып, февраль айында аяктары айтылды.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 29-декабрда Швециядагы кесиптештери менен сүйлөшүп жаткандыгын маалымдады.

Көзөмөл органдын өкүлү учурда алар менен улут аралык кылмыштын бетин ачуу боюнча иштөөдө байланыш түзүлөөрүн, бул экстремизм жана террорчулук менен күрөшүү жаатында болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0