БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Магнитогорскиде кырсыктаган үйдүн урандыларынын алдынан 11 айлык наристени куткаруучулар тирүү таап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегиндеги тогуз кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланган.
Акыркы маалыматтарга караганда, кырсыктан сегиз адам каза болгон. 13 жашар баланы кошкондо беш адамды урандылардын арасынан куткарууга мүмкүн болгон. Алар учурда оорукана жатат, бирөөнүн абалы оор экени айтылууда.Дагы 35 адамдын тагдыры али белгисиз.
Тергөөчүлөр абайлабагандыктан адам өмүрүнө зыян келди деген берене менен кылмыш ишин козгоду.
Буга чейинки маалыматта имараттын дагы урап түшүү кооптуулугунан улам издөө иштери токтотулгандыгы жөнүндө айтылган.
Бүгүн, 1-январда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия лидери Владимир Путинге жана орус элине көңүл айтты.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Диетолог Елена Кален тамактануу рационунан азайта турчу, ал тургай таптакыр эле чийип салчу тамак-ашты санап бергенин РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте конфет менен таттуу суусундуктан баш тартуу кажет. Булар ашыкча салмакка, семирүүгө алып келип, канда канттын деңгээлин көбөйтүшү ыктымал.Жыйынтыгында адам кант диабетине чалдыгышы толук мүмкүн. Ошондой эле таттууну көп жегенде боор жакшы иштебей, тери бузулат.
Организмди талкалай турчу азыктардын катарына эт дагы кирген. Адистин айтымында, эт белоктун булагы болгону менен аны көп жегенде ашказанга күч келип, аталган органдын иштөөсү начарлайт.
Диетолог ичимдикти да тизмеден чийип салууну сунуштаган.
"Ичимдик ичкен адам тез карып, боор, кан тамыр ооруларына чалдыгат. Ичимдик кант диабети, гипертония жана панкреатит илдеттеринин өрчүү тоболкелчилигин жогорулатат", — деген Кален.
Адис кофени көп ичүү да организмди буза турганын айткан. Көпчүлүктүн сүйүктүү суусундугу кан басымды көбөйтүп, жүрөктүн тез согуусун шартташы ыктымал.
Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.
Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.