Арбак болом деп... оюндан от чыкты. Пакистандагы кайгылуу окуя

© AFP / ALI AL-SAADI Полуавтоматический пистолет Glock
Полуавтоматический пистолет Glock - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Блогер ошол жерден жан берген.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Пакистандык пранкер Рана Зухайрды кезектеги жоругу учурунда капыстан атып алышты. Бул туурасында РИА Новости Pakistan Today басылмасына шилтеме кылып кабарлады. 

Жалпыга маалымдоо каражаттары анын өлүмү кандай болгондугун жазып чыкты.

Канадада үйдүн алдында турган камера арбакты тартып алган. Видео - Sputnik Кыргызстан
Канадада үйдүн алдында турган камера "арбакты" тартып алган. Видео
Зухайр паркта башына шейшеп жамынып алып, арбак болуп кишилерди коркутам деп чыга калганда, ал жердегилердин бири чочуп кетип тапанча менен атып жиберген. Блогер ошол жерден жан берген.

Полиция ошол ишке түрткөн, пранкердин өлүмүнө себепкер болгон деген шек менен эки кесиптешин кармады.

Үч дос ноябрь айынан тарта YouTube каналында атайын баракча ачып, жазылгандардын санын акырындап 100 миңге жеткирген. Алар ар кимдин образына кирип, элди чочутуп, капыстан чыга калып, айтор, ар кыл абалга салып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0