Башы жабыркап, кайыгып калыптыр. Урандыдан табылган бөбөк Москвага жеткирилди

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүСпасатели извлекли живого ребенка из-под обломков дома в Магнитогорске
Спасатели извлекли живого ребенка из-под обломков дома в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын суукка кайыгып жана баш сөөгү жабыркагандыгын айтышты.

БИШКЕК, 2-янв.— Sputnik. Челябинск облусундагы Магнитогорск шаарында кырсыктан кулаган үйдүн урандысынан табылган наристени Москвадагы балдар ооруканасына алып келишти. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Кечээ куткаруучулар Магнитогорск шаарында кулаган үйдүн урандыларынын алдынан 1,5 сутка жаткан баланы таап, сууруп чыгышкан

Взрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Куткаруучу көтөрүп алып Тез жардамга чуркады. 11 айлык наристени сактап калган видео
Бөбөккө жергиликтүү ооруканада жардам көрсөтүлгөн соң, дароо учак менен Москвадагы Рошаль атындагы Балдар хирургиясы жана травматологиясы боюнча улуттук илим изилдөө институтуна алып келишкен. Баланын суукка кайыгып жана баш сөөгү жабыркагандыгын айтышты.

Куткаруучулардын билдиргенине караганда, бөбөктүн тирүү калышына анын керебети жана оролгон төшөгү себепкер болгон. Кечээ анын 11 айлык экендиги кабарланса, бүгүнкү маалыматта 10 айлык экендигин жазышты.

Эске салсак, 31-декабрда Магнитогорскидеги Карл Маркс, 164 дарегиндеги тогуз кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшкөн. Анда 46 киши жашаган 26 батир талкаланган

Акыркы маалыматтар боюнча куткаруучулар урандылардын алдынан жалпысынан 11 кишини сөөгүн алып чыкты.

Дагы отуздан ашык кишинин тагдыры белгисиз болууда.

2019-жылдын 2-январы Челябинскиде аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0