Биринин үстүнө бири кулап. Майрамдаган элди көтөрө албай көпүрө сынган видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСкорая медицинская помощь в Москве
Скорая медицинская помощь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырланган 13 адам медициналык жардам сурап кайрылган, бактыга жараша, оор жаракат алгандар жок.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Москва шаарынын Горький сейил багындагы көпүрө майрамдап жүргөн элди көтөрө албай сынып кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Андрей Коновалов аттуу интернет колдонуучу окуянын видеосун өз баракчасына жүктөдү.

​Москва мэриясынын маалыматына караганда, медициналык жардам сурап 13 адам кайрылган. Арасында оор жаракат алгандар жок.

Шаар башчысы Сергей Собянин Маданият департаментине аталган парктын жетекчисин кызматтан алуу боюнча тапшырма берди. Анын айтымында, кырсык тыкыр иликтөөгө алынып, күнөөлүүлөр жазасын алат. Ал эми жабырлануучулардын көбү москвалыктар эместигине карабай, 500 миң рублге чейин компенсация алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0