Мексика: кызматка бир саат мурда дайындалган мэрди атып кетишти

© AFP / HECTOR GUERRERO Сотрудник мексиканской полиции в районе Пуэрто Валларта.
Сотрудник мексиканской полиции в районе Пуэрто Валларта. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрден тышкары дагы төрт киши жарадар болуп, медициналык жардам алууда. Бирөөнүн абалы оор экени айтылды.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Мексикада жайгашкан Эройка-Сьюдад-де-Тлахьяко шаарынын жана муниципалитенинин мэри Оахака Алехандро Апарисиону кызматка дайындалганына бир саат болгондо көчөдөн атып кетишти. Бул туурасында РИА Новости штаттын Башкы прокуратурасына шилтеме берип жазды. 

"Окуя 1-январь күнү эртең менен болгон. А.А. Эройка-Сьюдад-де-Тлахьяко муниципалитетке кызматка дайындалып, мэриянын жыйынына бара жатканда ага белгисиз адамдар кол салып, тапанча менен атып кетишкен", — деп басылма башкы прокуратуранын айтканына таянып жазган.

Полуавтоматический пистолет Glock - Sputnik Кыргызстан
Арбак болом деп... оюндан от чыкты. Пакистандагы кайгылуу окуя
Мэр кырсык болгон жерден ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан көз жумган. Ошондой эле дагы төрт киши жарадар болуп, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бирөөнүн абалы оор экендиги айтылды.

Маалыматка ылайык, адам өлтүрүү боюнча иликтөө иши башталып, кылмышка шектүү сурак берүүдө.

Штаттын губернатору Оахака Алехандро Мурат каза тапкан мэрдин жакындарына көңүл айтып, шаардын Башкы прокуратурасына ишти тыкыр иликтөөгө тапшырма берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0