WhatsApp тиркемесинин кайсы телефон аппараттардан ачылбай калары айтылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМессенджер WhatsApp
Мессенджер WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөрүү ушул жылдын 1-январынан тарта ишке кирди.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жылдын жаңырышы менен WhatsApp мессенджери айрым телефондордон ачылбай калат. Бул тууралуу компаниянын сайтына шилтеме берип, РИА Новости жазды. 

WhatsApp мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
WhatsApp мессенджери ишине өзгөртүү киргизет
Мессенджер 1-январдан тарта  Nokia Series 40 операциялык системасындагы телефондордо иштебей калды. 2012-жылы дүйнө жүзү боюнча мындай аппаратты 1,5 миллиард адам колдонгондуктан, тиркемени колдонууга мүмкүнчүлүк берилип келген.

Ошондой эле WhatsApp Android смартфонунун 2.3.7 жана андан эскирээк версияларында дагы жеткиликсиз болуп калары айтылды. Бирок бул чектөө 2020-жылдын февраль айында гана ишке ашары белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0