Индия: аялдардын храмга киргенине жаалдангандар башаламандык баштады

© AFP / NARINDER NANUИндийская полиция в Амритсаре
Индийская полиция в Амритсаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Храмга кирип чыккан аялдын бирөөсүнүн үйүн полиция кызматкерлери кооптуулук жаралгандыктан күнү-түнү кайтарууга алган.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Индияда эки аял Сабаримала (Керала штаты) шаарындагы храмга кирип сыйынганы үчүн нааразылык акциясы болуп, полиция аларды таратуу максатында көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Чырдын очогу — Айяппа кудайынын храмы, туристтер көп келип зыярат жасаган жай болду.

Роддом в Нанте - Sputnik Кыргызстан
Индияда айыл тургундары үч колдуу ымыркайга сыйына башташты
Нааразылыктын себеби болгон эки аял 2-январда эртең менен полициянын коштоосунда храмга кирип, сыйынып чыккан. Бул кабар башкаларга тарап кеткендиктен, храм ритуалдык "тазалоо" үчүн жабылган.

Басылма, нааразылык Керал штатынын аймагынан башталгандыгын кабарлады.

Алар жолдорду тосуп, дүкөндөрдүн ээсин жаап салып, ишке чыкпай коюуга чакырган. Кээ бир райондордо кагылышуулар болуп кеткен. India Today басылмасы кишилер полиция кызматкерлерине таш жаадырып, алардын автоунааларды талкалаганын жазды.

Ал эми храмга кирип чыккан аялдын бирөөсүнүн үйүн полиция кызматкерлери кооптуулук жаралгандыктан күнү-түнү кайтарууга алган.

Жергиликтүүлөрдүн түшүнүгүндө храмга – "бул ыйык жайга" төрөт курагындагы аялдар кирүүгө болбойт.

Ал эми 1-январда Керал штатында 3 миллион аял 620 чакырымга созулган узун катарга туруп, аял менен эркектин теңдигин талап кылды. Бул окуяны алар кыз-келиндердин дүйнөдөгү эң ири жыйыны деп аташты.

Акции протеста против мгновенного развода в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Индияда талак берип ажырашууга тыюу салынды
2018-жылдын сентябрь айында Индиянын Жогорку соту кылымдардан бери келе жаткан тыюуну бузуп, аялдардын храмга киришине жол ачкан. 18-22-октябрда храмдын эшиги тарыхта биринчи жолу эркектер менен аялдарга бирдей ачык болгон. Анткен менен радикалдык маанайдагы топтор кыз-келиндердин бирин да аталган жайга жакын жолоткон эмес.

Абалга аралжы болом деген полиция аялдарды храмга киргизүүгө аракет кылып, бирок тартип сакчыларын көздөй таяк менен таштар учкан. Кагылышуу учурунда 2 миң адам кармалган.

Бул күнгө чейин 10 жаштан  50 жашка чейинки бир да аялзаты храмдын астанасын аттаган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0