Миллион ирет көрүшүптүр! Интернетти жарган сүрөт жарыяланды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүШанхай шаары. Архив
Шанхай шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шанхайдан тартылган бул сүрөттү дүйнөнүн ар кыл бурчунда отургандар ырахаттанып көрө алат.

БИШКЕК, 3-янв.— Sputnik. Кытайлык компания бийиктиги 468 метр болгон "Чыгыш бермети" телемунарасын миңдеген чакырым алыстыктагыларга эң сонун сапатта көрсөтүп берди. Жакындатып көрсөткөн зумдун жардамы менен адамдардын жүзүн да көрүүгө болот.

Бул өзгөчө ыкма — 195 гигапиксель. Бир гигапиксель миллиард пиксель болуп эсептелет. Эгерде салыштырып билем десеңиз, сиздин көтөрүп жүргөн смартфонуңуз тарткан сүрөт 12 мегапикселди түзөт.

Bigpixel берген маалыматтарга караганда, бул сүрөттү планетадагы көп адамдар карап жатат. Буга чейин 8 миллион ирет көрүшкөн.

Эгер техникалык жактан алсак, бул 360 градустук панорама. Ал бир нече сүрөттөн "жамалып" жасалып, көлөмү боюнча дүйнөдө үчүнчү, ал эми Азия аймагындагы биринчи эмгек болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0