Конор Макгрегор экинчи ирет ата болду

© REUTERS / Adam Hunger-USA TODAY Sports / File PhotoUFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив
UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азырынча мушкер жаңы төрөлгөн баласынын кыз же эркек экендигин айта элек.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. UFC уюмунун мурдагы чемпиону Конор Макгрегор экинчи ирет ата болгонун Instagram баракчасы аркылуу жарыялады.

Ал жеке баракчасына төрөтканадан чыгып бара жаткан сүрөтүн жүктөгөн. 

"Үйгө эки дени сак бала жана энергиялуу "супер" апа менен баратам. 2019-жыл жакшылык менен башталды. Бардык айтылган каалоо-тилектер үчүн ыраазычылык билдирем", – деп жазган Макгрегор.

Мушкер азырынча жаңы төрөлгөн баласын кыз же уул экенин так айта элек. 

Макгрегор жубайы Ди Девлин экөө 2017-жылы биринчи жолу Жейк аттуу уулдуу болушкан.

Ирландиялык Конор Макгрегор ММА боюнча UFC уюмунун мурдагы чемпиону. Аралаш мушташ боюнча 21 беттештин жеңүүчүсү, төрт ирет утулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0