АКШда 10 жылдан бери комада жаткан аял көз жарды

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишенимдүү булактын берген маалыматы боюнча оорукананын кызматкерлери аялдын кош бойлуу экенин билишкен эмес.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. АКШнын Феникс шаарынын полициясы клиникада 10 жылдан ашык убакыттан бери комада жаткан аялдын зордукталышы боюнча териштирүүнү баштаганын Arizona's Family порталы жазды.

Ага ылайык, окуя Hacienda медициналык борборунда болгон. Жабырлануучу 10 жыл мурда сууга чөгүп кете жаздап, ооруканага жаткырылган. Ошондон бери өзүнө келе элек. Басылманын маалымдашынча, аял 29-декабрда төрөгөн, бирок бул боюнча расмий маалымат эми эле жарыяланды.

"Феникс шаарынын полиция департаменти кылмыш ишин иликтейт", — деген пикирин Аризонанын губернаторунун расмий өкүлү билдирди.

Насилие над женщинами в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Fit унаасында кызды кое бербеген таксистке дагы эки аял доомат койду
Ишенимдүү булактын берген маалыматы боюнча оорукананын кызматкерлери аялдын кош бойлуу экенин билишкен эмес. Жогорудагы окуядан кийин медициналык борбордо иштөө тартиби өзгөрдү. Эми мындан ары эркек дарыгерлер кыз-келиндердин палатасына аял кесиптештеринин коштоосунда гана кире алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0