Иран аскердик кемелерин АКШнын жээктерине жөнөтөт

© AP Photo / IIPA, Ebrahim NorouziИран аскердик кемелери. Архив
Иран аскердик кемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тегеран бул аракеттерди АКШнын деңиз флотунун Персия булуңунда жүргөндүгүнө байланыштуу жооп иретинде жасоодо.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Иран үстүбүздөгү жылдын март айында аскердик кемелерин Атлантика океанына, АКШ жээктерине жиберет. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

АКШнын аскер күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп "Ислам мамлекетин" жеңгенин жар салып, АКШ аскерлери Сириядан чыга баштады
Флот ал жакта аскердик нөөмөткө турат. Ирандын аскердик-деңиз күчтөрүнүн башчысынын орун басары кемелер узак убакыт жол жүргөндүктөн миссия беш айга созулаарын айтты.

Флоттун катарында Ирандын эң жаңы деген "Саханд" эсминеци да бар.

Мекемеден маалымдашкандай, мындай аракеттер АКШнын деңиз флотунун Персия булуңунда жүргөндүгүнө байланыштуу жооп иретинде жасалууда.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын 21-декабрында Американын аскердик-деңиз күчтөрү USS John C. Stennis атомдук авиа ташыгычы менен Персия булуңуна кирген. Андан сырткары, алардын арасында USS Mobile Bay ракеталык крейсери, USS Decatur, USS Mitcher эсминецтери жана атомдук кемелери болгон.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ мындай кадамдарга Тегеранга өзүнүн күчүн көрсөтүү үчүн барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0