БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Сауд Аравияда соттор аялдарга ажырашканы тууралуу билдирүүнү эми SMS аркылуу кабарлашат. Бул тууралуу BBC басылмасы жазды.
Мындай ыкма менен өлкө бийлиги "сырдуу ажырашууларга" чекит коюуга аракеттенүүдө. Себеби айрым эркектер аялы менен ажарышканын ага кабарлабай коюшат.
Юристтердин айтымында, аялдар мындан ары өзүнүн үй-бүлөлүк абалы тууралуу билип турганга мүмкүнчүлүк алышат жана күйөөсүнөн алимент өндүрүү үчүн бардык укуктарын колдоно алат.Мындай реформа мураскор ханзада Мохаммед бин Салман тарабынан ишке ашырылууда. Ошондой эле аялдар футбол матчтарына барууга укук алды.
Анткен менен Сауд Аравиянын аялдары күйөөсүнүн, атасынын, агасынын же эркек баласынын уруксаты жок паспорт ала албайт, күйөөгө чыга албайт. Керек болсо чет өлкөгө чыкканга, банктан эсеп ачканга укугу жок.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бүгүн, 14-апрелде, Жогорку Кеңештин делегациясы төрага Талант Мамытовдун жетектөөсү менен Санкт-Петербургга учат. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, төрага КМШнын парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясына катышат.
Пленардык жыйында коопсуздук, саламаттык сактоо жана экономика маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле Мамытовдун бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.