Дүйнөлүк банктын башчысы мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти

© Sputnik / Алексей Агарышев / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким. Архив
Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Банктын президенти беш жылга шайланат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким 1-февралдан тарта отставкага кетет. Анын милдети аткаруучу директор Кристалина Георгиевага жүктөлөрүн РИА Новости жазды.

Ким кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетип жатат. Ал 2022-жылга чейин иштеши керек болчу. Жим Ён Ким Дүйнөлүк банкты алты жыл башкарды. Алгачкы ирет 2012-жылы беш жылдык мөөнөткө шайланган. 2016-жылы уюмдун директорлор кеңеши аны кайтадан президенттикке шайлаган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 46 млн. доллар берет. Акча эмнеге жумшалат?
Ал кызматтан кетүү себебин жеке ишкерлик менен алектенем деп түшүндүргөн. Ким кызмат учурундагы жетишкендиги катары уюмдун уставдык капиталын 13 миллиард долларга көтөргөнүн белгиледи. Дүйнөлүк банк 2030-жылга чейин Жер планетасындагы жакырчылыкты жоюуну өз милдети катары койгон.

Дүйнөлүк банкты 189 мамлекет колдойт.

Салт боюнча аталган банктын президенти болуп АКШ жараны шайланат. Анткени Америка Кошмо Штаттары — уюмдун ири акционери.

Жаңылыктар түрмөгү
0