Эркек адамдын колдору. Архив

20 жыл бою башканын балдарын тарбиялап келген миллионер аялын сотко берди

1513
(жаңыланган 09:22 10.01.2019)
Ал мурдагы жубайын жалган айтып келгени үчүн 21 миллион 42 миң сомдун тегерегиндеги акчага доого жыгууга камынган.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Британиялык миллионер Ричард Мейсон 21 жыл бою башка бирөөнүн баласын багып, тарбиялап жүргөнү үчүн аялын сотко берди. Бул туурасында РИА Новости The Sun басылмасына шилтеме берип жазды.

MoneySupermarket компаниясынын ээси Ричард Мейсон биринчи аялы менен ажырашып, экинчисине үйлөнгөн. Кийинки никесинде балалуу болбой койгондон кийин дарыгерлерге кайрылып, туулгандан бери эле тукумсуз экендигин билген. Бул окуядан кийин миллионер буга чейин атасымын деп келген үч баласы аныкы эмес экендигин угуп, аялын сотко берген.

Ал мурдагы жубайын жалган айтып келгени үчүн 250 миң фунт стерлинг (21 миллион 42 миң сомдун тегереги) акчага доого жыгууга камынган. Ал эми аял балдардын өз атасын айтуудан баш тартып келет.

Атасынын мындай жоругунан кийин эки баласы катташпай-сүйлөшпөй калган. Ал эми үчүнчүсү мындай окуя атасы тууралуу пикирин өзгөртө албастыгын, мурдагыдай эле жакшы көрөрүн жана сыйларын айтып ыраазылык катын жолдогон.

"Мен дайыма сенин жаныңда болом. Мен үчүн баары бир атамсың", — деп жазган кенже уулу.

Ричард Мейсон MoneySupermarket.com веб-сайтынны ээси. Алар ар кыл товарларды супер маркеттерге салыштырып арзан соодалайт. Ишкердин байлыгы 10 миллион фунт стерлинг (855 миллион сомдон ашыгыраак сумма) деп бааланып келет.

Маалыматта чуунун борборунда калган балдардын улуусу 23, ал эми эки эгиздер 19 жашта экендигин айтылган.

1513
Белгилер:
тукумсуздук, уул, миллионер, Улуу Британия
Тема боюнча
Мароккодо 9 баланын атасы тукумсуз экенин билген соң ажырашмай болду
Ит менен сейилдеп жүргөн кыз асман тиреген имараттардын фонунда. Архив

Асман тиреген имаратта жашоо кимдерге кыйынчылык жаратарын дарыгер айтып берди

4
(жаңыланган 10:49 07.03.2021)
Дарыгер кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Мисалы, көп кабаттуу үйгө тепкич менен баруу кимдир бирөөлөр үчүн кыйын.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Асман тиреген имараттарда жашагандар айлананын кооздугуна жакшы көз чаптыра алат, бирок ден соолукка кооптуулук жараларын медицина илимдеринин кандидаты, дарыгер-терапевт Алексей Хухрев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.

Адис кеп үйдүн бийиктигинин өзүндө эмес, андагы шарттар тууралуу болуп жатканын айткан. Маселен, көп кабаттуу үйлөрдүн лифтиси иштебей калса жүрөк-кан тамыр жана башка оорулары бар адамдарда көйгөй болушу ыктымал.

"Жүрөктүн ишемиялык дарты, ашыкча салмак, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары, астмасы барлар тепкич менен узакка көтөрүлө албай кыйналат", — деген Хухрев.

Ошол эле учурда курч кармаган респиратордук инфекцияга кабылып же кулак тунуп жатса иштеген лифт менен жүрүү дагы оорчулукту жаратышы мүмкүн.

"30-кабат болжол менен 100-110 метрди түзөт. Ага лифт менен 10 секундада көтөрүлгөн адам ыңгайсыздыкты сезет", — деп эскерткен дарыгер.

Бирок адис аллергия менен жабыркагандарга бийик кабатта жашоо бир жагынан пайдалуу экенин айткан. Себеби шамал күчтүү аллерген болуп саналган өсүмдүк чаңчаларын болжол менен 15-кабатка чейин эле көтөрө алат.

4
Белгилер:
жүрөк, аллергия, оору, дарыгер, лифт, тепкич, бийиктик, имарат
Тема боюнча
Ден соолукка пайдалуу шорпо аталды
Адам бир күндө жашылча менен жемишти канча көлөмдө жеш керек
Ооруканадагы бейтап. Архивдик сүрөт

Коронавирустан айыккандар чалдыгышы мүмкүн болгон оорулар. Тизме

34
Коронавирустан кийин адам бир катар илдетке чалдыгып калуусу мүмкүн. Ошол себептен дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп туруу абзел.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Адам коронавирус менен ооруп сакайган соң жүрөгүн, өпкөсүн, психикасын текшертип, эндокринологго да көрүнүп коюшу керек. Бул тууралуу "Аргумент и факты" басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.

Терапевт жана физиотерапевт Кирилл Беландын айтымында, коронавирустун күчөп кеткен чеги — бул миокардит, башкача айтканда, жүрөктүн булчуң катмарынын сезгениши. Ал коронавирустун жеңил түрүнөн кийин да пайда болушу ыктымал.

Бул ооруга кабылган адамдын алы кетип, жүрөгү ооруп, жөтөлүп, шишип кетет. Башы айланып, деми кысылат. Дартты аныктоо үчүн кардиолог ЭхоКГ, жүрөккө МРТ, ошондой эле I жана T жүрөк топонимдерине изилдөө жүргүзүшөт.

Бейтап вируска каршы препараттар менен дарыланып, мындан тышкары, төшөктөн турбай жатышы керек. Эгер дарыгердин айткандарын толук аткарбаса, адам жүрөк кемтиги менен жабыркап калышы толук ыктымал.

COVID-19дан кийин дагы бир таралган оору гиперкоагуляция, башкача айтканда, канда тромбдордун пайда болушу. Дарыланууда бейтаптар антикоагулянттарды ичүүсү зарыл. Мындан тышкары, көп эс алып, суюктук ичип, кыймыл көп болушу керек.

Врач-эндокринолог Юрий Потешкин эскерткендей, коронавирус диабеттин өрчүшүн шарттайт. Анын айтымында, COVID-19дан кийин оору жаңыдан башталышы да мүмкүн, ошондой эле диабеттин экинчи тибинин белгилерин да пайда кылат.

"Вирустук инфекция учурунда инсулинге болгон туруктуулук жогорулап, обочолонуу, начар тамактануу, кыймылсыз жашоо образы менен биргеликте тобокелдикти жогорулатат", — деп түшүндүрдү дарыгер.

Ошондуктан алсыздык, бат чарчоо, дайыма тамагы кургап жана көздүн көрүүсү начарлап, арыктап, жарааттын айыгышы жайлап калган учурларда эндокринологго кайрылуу абзел.

Басылма белгилегендей, изилдөөгө ылайык коронавирустан сакайгандардын эске тутуусу начарлап, паникага тез алдырып, маанайы бат-бат өзгөрүп турат. Айрымдары уктай албай кыйналат. Мунун бардыгы вирустун нейротоксиндик таасиринен жана мээ менен нерв системасынын жабыркашынан улам келип чыгат. Ошол себептен көп эс алып, сейилдеп жана сааты менен тамактанып туруу керек. Ошону менен бирге эстутумду калыбына келтирүүгө кроссворддор жана баш катырмалар жардам берет.

34
Белгилер:
дарыгер, дары, нерв, бейтап, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Коронавирус сифилис, сарык, бруцеллез, ичеги-карын ооруларын азайтты. Статистика
ДССУ: коронавирустун ыңгайлашып, көнүшүп кетүүсүнө жол бербейли!