Ким Чен Ын төртүнчү ирет Кытайга барды

© REUTERS / KCNA KCNAТүндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Кореянын лидеринин иш сапары 10-январга чейин уланат.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын кесиптеши Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Кытайга барды. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.

Ким Чен Ындын иш сапары 10-январга чейин уланат.

Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндүк Корея башчысы Кытай лидеринен санкция боюнча жардам сурады
Мурдараак кореялык жана кытайлык булактар Түндүк Кореянын жогорку кызматтагы аткаминерлери баратат делген поезд Кытайдын чек арасынан өткөнүн билдирген. "Хангук Кёндже" басылмасына маек бергендер поезд келээрдин алдында Кытайдын коопсуздук органынын кызматкерлери келип станциянын кире беришин курчоого алганын айткан. Поезд чек арадан кирип ары кеткенден кийин курчалган аймак бошотулган.

Ушуну менен Ким Чен Ын Кытайга бир жылга жетпеген убакыт аралыгында төртүнчү ирет барды. 2018-жылы 25-28-мартта, 7-8-майда, 19-20-июнда келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0