Мына сага жаңы жылдык жомок! Бельгиялык дарыгер заматта миллионер болду

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры
Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельгиялыктар үчүн улуттук EuroMillions лотереясы бир топ ийгиликтерди тартуулап келет.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Брюсселдик (Бельгия) дарыгерге жаңы жыл чындап эле жомоктогудай болду. 1-январга караган түнү ал улуттук лотереядан 7,5 миллион евро утуп алганын РИА Новости жазды. 

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, жеңүүчү олжосун үчкө бөлүп, бирин балдары үчүн сактап коерун, экинчисин кайрымдуулукка жумшарын билдирди.

"Ал эми үчүнчү бөлүгүнө үй алып, шарап өндүрүү ниети бар экенин айтты", — деп жазылат макалада.

Бельгиялыктар үчүн улуттук EuroMillions лотереясы бир топ ийгиликтерди тартуулап келет. Мисалы, 2016-жылы көчө шыпыргыч 168 миллион евро утса, 2017-жылы өлкөнүн дагы бир жараны 153 миллион еврого ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0