9-январда Кыргызстанда жана ааламда болгон окуялардын маанилүүрөөгүн Sputnik Кыргызстан тизмелеп чыкты. Алардын арасында тагдыры чечилген Абдыкерим Сыдыков, Наполеондун өлүмүнө чейинки учурлар бар.
Кыргызстанда:
- 1934-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн башында тургандардын бири Абдыкерим Сыдыковго "Социал-Туран" деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун" жетекчиси деп айып тагылат. Ага күнөөнү толугу менен коюп чыгуу 1934-жылдын ушул күнү жыйынтыкталат;
- 1968-жылы эл арасына "Сакиш" аты менен таанылган актриса Айнура Турганбаева туулган;
- 2007-жылы эл аралык "Манас" аэропортунда ал кездеги ЖК депутаты Темир Сариев кармалып, кийинчерээк кое берилген. Анын себеби декларацияланбаган ири суммадагы акчаны алып чыгууга аракет кылды деп айтылган.
Ааламда:
- 1792-жылы Түркия менен Россиянын ортосунда тынчтык келишими түзүлгөн. Бул 1787-1791-жылдардагы согуштан кийин болгон;
- 1799-жылы Улуу Британияда дүйнөдө биринчи ирет киреше салыгы киргизилген;
- 1951-жылы Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасы ачылган;
- 2007-жылы Стив Жобс тунгуч iPhone аппаратынын бет ачарын өткөргөн.
Жарык дүйнөгө келгендер:
- 1913-жылы АКШнын 37-президенти Ричард Никсон туулган. Ал белгилүү Уотергейтс чырынан кийин кызматынан кеткен;
- 1930 –жылы советтик мыкты футболчулардын бири Игорь Нетто туулган;
- 1982-жылы Англия ханзаадасы Уильямдын жубайы, Кембридж герцогинясы Кэтрин төрөлгөн. Эл арасында Кейт Миддлтон деген ат менен белгилүү;
- 1996-жылы Дагестандын Кизляр шаарында террордук акты болуп, согушкерлер төрөт үйү менен оорукананы басып алган.
Көз жумгандар:
- 1873-жылы Франция императору Наполеон III көз жумган. Аталган датага чейин үч ай мурда тактыдан жылмышкан. Анын өлүмүнүн себеби бөйрөгүнө жасалган операция болгон;
- 1878-жылы бирдиктүү Италиянын падышасы Виктор Эммануил II көз жумган.