Израилдин экс-министри Ирандын пайдасына тыңчылык кылганы үчүн 11 жылга соттолду

© REUTERS / Ronen ZvulunОбвинение в шпионаже экс-министра Израиля Гонен Сегева
Обвинение в шпионаже экс-министра Израиля Гонен Сегева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы министр 2012-жылдан тарта Ирандын чалгындоо кызматы менен иштеше баштаган.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Израилдин мурдагы энергетика жана улуттук инфраструктура министри Гонен Сегев Ирандын кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылганы үчүн 11 жылга кесилди. Бул тууралуу Jerusalem Post басылмасы жазды. 

Маалыматка ылайык, Сегевдин жактоочусу менен айыптоочулар анын күнөөсүн далилдөө үчүн бирге иштешкен.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иранда тыңчылык үчүн кармалган эки америкалыкты АКШ бошотууну талап кылды
Сегев 2018-жылы июнь айында кармалган. Акыркы жылдары Нигерияда жашап, 2012-жылдан тарта Ирандын чалгындоо кызматы менен иштешип, эски тааныштары аркылуу Израиль тууралуу маалыматтарды алып, аны үчүнчү тарапка берип турган.

Гонен Сегев Израилдин Кнессетинде 1992-жылдан 1996-жылга чейин депутат болуп иштеген. Ал эми 1995-жылдын январынын 1996-жылдын июнуна дейре парламенттик ишмердиги менен энергетика жана Улуттук инфраструктура министрлигинин ишин кошо аркалаган.

Ошондой эле Сегев 2005-жылы Нидерландыдан баңгизаттарын аткезчилик менен алып келген жана дипломатиялык паспортту жасалмалады деп соттолгон. Бирок 2007-жылы эркиндикке чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0