Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарлар тизмектелди

© AFP / PHILIPPE LOPEZПариж шаары. Архив
Париж шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингде парктардын, спорт залдардын жана ден соолукка пайдалуу азыктарды койгон дүкөндөрдүн саны эсепке алынган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ден соолукту бекемдеп, саякаттоо үчүн мыкты шаарларды DailyMail басылмасы тизмектеди.

Рейтингде экологиядан тышкары парктардын, спорт залдардын жана ден соолукка пайдалуу азыктарды койгон дүкөндөрдүн саны эсепке алынган.

Поездка в Таиланд журналиста Бегимай Бакашевой - Sputnik Кыргызстан
Тынч океанга акула кое бердим. Таиландга барып келген журналисттин баяны
Биринчи орунда Париж, экинчиде Таиланддагы Чиангмай, үчүнчүдө Барселона турат.

Франциянын борбору спа-борборлорунун (894) саны, вегандык ресторандары (1 305) жана ден соолукка пайдалуу азыктары бар дүкөндөрү (150) менен тизменин сап башына чыкты.

Таиланддагы Чиангмай шаары спа-борборлору (квадрат километрине 7) жана 307 вегандык рестораны менен рекорддук көрсөткүчкө ээ болгон. Ал эми Барселонада вегандардын 1 350 рестораны, 510 спа-борбору жана 32 йога борбору жайгашкан.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Патайя, Ванкувер, Сан-Франциско, Лиссабон, Индонезиядагы Денпасар жана Буэнос-Айрес шаарлары киргени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0