БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Полициянын маалымат кызматынын Facebook баракчасына жарыялаган видеосунан полиция кызматкеринин тыйын чычкандан чындап эле коркконун көрүүгө болот.
Жандыкты имарат ичинен эки тартип сакчысы сыртка чыгарууга аракет кылган. Алышып жатып акыры кетиришкен.
Мак-Генри полиция департаменти бул окуя офицерлердин зөөкүрлөр менен алышуу жөндөмүн сыноо болуп калганын айтышкан.
Эл көптөн күткөн Лас-Вегастагы UFC 259 турнири жыйынтыкталды. Кеченин башкы беттешинде польшалык Ян Блахович жаңы зеландиялык Исраэль Адесаньяны утуп, наамын коргоп калды. Адесанья биринчи жолу утулду (20:1).
UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилип, ордуна америкалык Алджамейн Стерлинг чемпион болду.
Спорттук кечедеги дагы башка кызыктуу учурларды видеодон көрүңүз.
БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. UFC чемпиону Петр Ян наамын коргогон кармашта атаандашына тыюу салынган соккуну колдонгону үчүн беттештен четтетилди.
Aljamain Sterling is the NEW UFC Bantamweight Champion after this illegal knee disqualified Petr Yan #UFC259pic.twitter.com/lQ6ITgu9ip
— Spinnin Backfist (@SpinninBackfist) March 7, 2021
Ян Лас-Вегаста өткөн UFC 259 турниринин алкагында америкалык Алджамейн Стерлинг менен кармашкан.
That is it. #UFC259 pic.twitter.com/xEyNYSkl9C
— UFC (@ufc) March 7, 2021
Россиялык спортчу төртүнчү раундда кокусунан каршылашын тизеси менен башка тээп алган. Стерлинг нокаутка кетип, ага дарыгерлер жардамга келген. Рефери кармашты токтотуп, Янды беттештен четтеткен. Муну менен америкалык атлет жаңы чемпион аталды.
Due to an intentional foul, @FunkMasterMMA is the new bantamweight champion. #UFC259 pic.twitter.com/AlNLboFIlr
— UFC (@ufc) March 7, 2021
Стерлинг жеңүүчү аталып жатканда ыйлап, белине тагылган UFC уюмунун чемпиондук курун чечип салган. Маек учурунда мындай жол менен чемпион болууну каалаган эместигин айткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Тамганын рэп жанрына таштаган кадамы жана режиссер Эрнест Абдыжапаровдун сынынан өткөн алгачкы киносу тууралуу маек курду.
— Алгач атыңыздан баштайлы. Чоң энеңиз түш көрүп ысымыңыз ошондон улам коюлуп калганын айтып жүрөсүз. Тамга деген кадимки ариптен башка эмнени түшүндүрөт?
— Бекеринен чоң энемин түшүнө кирип, атым Тамга деп коюлуп калбаса керек. Тамга деген кыргыздардын тарыхында "белги" деген маани менен көп айтылат экен. Мен да жакшы нерсенин белгиси катары өз атыма татыктуу болууга аракеттенем.
— Рэп жанрында кантип ырдап калдыңыз? Бирөөлөр сунуштадыбы же өзүңүз кызыктыңызбы?
— Менин алгачкы дебютум вокалдык эле ыр, бирок арасында бат ырдалган жери да бар болчу. Эл рэп сыяктуу ырдалган жерин жакшы кабыл алып жатты. Анан продюсерим менен кеңешип, "Ой, бой-бой" аттуу рэпти чыгардык. Көпчүлүккө жагып, ошондон улам рэпер катары таанып калышты окшойт. Бирок мен рэп менен эле чектелбейм, ар түрдүү ырларды аткара берем.
— Кыздардын рэп аткарышын биздин коомчулук кандай кабыл алат экен? Бир сыйра сындан өтсөңүз керек...
— Албетте, ар кандай сындар айтылды, көбүнчө "үнүң өзгөчө, ар кандай жанрга туура келе берет" деген жакшы пикирлерди угам. Эгер мага туура сын айтылса маани берип, кемчилдигимди оңдогонго аракет жасайм. "Кыздарга жарашпайт" деген сыяктуу майда-чүйдө сындарга көңүл деле бурбайм. Кызбы же балабы, каалоосу күч болсо ага эч ким тоскоолдук жарата албайт. Эгерде адам бир нерсени жасагысы келсе, башкаларга эмес, өзүнө "каалайсыңбы, жасай аласыңбы?" деп суроо берип, ошого ишенсе жасай бериши керек.
— Элдин сыны тууралуу айтып калдык, эң башкысы үй-бүлөңүз чыгармачылыгыңызга, дегеле рэп ырдаганыңызга кандай карайт?
— Мен жөнөкөй үй-бүлөнүн кызымын, түбүм Алайдан. Бирок атамдын көзү өткөндөн кийин Сокулукта окуп, чоңойгом. Чыгармачылыкка атам үчүн келгем десем да жаңылышпайм. Ал мага каалоо жаратып, шык берип кетти. Атам дүйнө салгандан кийин апам жакшы тарбия берип өстүрдү. Эң башкы колдоочуларым — жакындарым. Алар дем-күч берип турса гана башка ийгиликтерди жарата алам.
— Кыргызстанда рэп аткарууга кызыккан кыздар көп эле бекен, өзүңүз ырдап чыккандан кийин байкаган чыгарсыз?
— Учурда Кыргызстанда рэп аябай эле өнүгүп, элдин талабы да жогорулап баратат. Башка ырларга да рэп кошуп жүрүшөт. Мурда кыздардын кызыгуусу жогору экенин байкабаптырмын. Өзүм аралашып калгандан кийин жаш кыздар рэп ырларын аябай эмоция менен аткарганын көрүп калдым. Instagram баракчама жазган кыздар да көбөйдү. Демек, бизден мотивация алып жатышса керек. Бул мен үчүн чоң жоопкерчилик экенин сезем.
— Ырчылар көбүнчө тойлордо ырдап киреше табат эмеспи, сиздин киреше булагыңыз кайсы жактан?
— Биз деле тойлорго барабыз, анткени азыр дээрлик жаштардын баары тойдун шаңдуу болушун каалашат. Негизи каражат табуунун жолу көп. Бир эле той менен чектелбеш керек, жаштар түрдүү иш-чараларга чакырышат. Ар кандай кинонун саундтректерине буюртма алабыз, башка да нерселер көп. Ал эми гонарарыбыз боюнча айтпай эле коеюн. Аны продюсерим менен сүйлөшкөн оң.
— Рэп бат кабыл алуу, так сүйлөө, тил үйрөнүү жаатында чоң жардам берет деген сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?
— Бул жанрда бир эле ритмде бир канча ой бат-баттан айтылгандыктан, аларды бат кабыл алып, бат айтууга туура келет. Ошондой эле башка рэпти угуп жатканда да бат түшүнүүгө аракет жасайбыз. Андыктан чын эле тез кабыл алууну үйрөтөт. Дикция дагы башкы ролдо, андыктан ар бир тыбышты туура айтуу керек. Менин ырыма чет өлкөлүктөр да кызыгып, ырдап көргөндөрүн угуп калдым. Алар да кыргызчаны ырдын жардамы менен туура айтууга аракет жасашат экен. Бул биз үчүн сыймык. Демек, тилди бат үйрөнүүгө да жардамчы боло алат деп айтсак болот окшойт. Анан, албетте, эмоция менен ырдалып, шаңдуу болгондуктан маанайды көтөрөт.
— Ырчылыктан башка эмнеге кызыгасыз?
— Бийге басым жасап жатам. Анткени менин чыгармачылыгыма аябай керек экен. Комуз чертүү боюнча окугам, аны менен бирге профессионалдуу болбосо да гитарада, фортепианодо бир аз ойнойм. Өзүмдү мажбурлап эч нерсе жасабайм. Мындан сыртары, вокалдан курс ачып сабак бере баштадым.
— Эми кеп "Ак салкын" тасмасы тууралуу болсун, анда кимдин ролун жараттыңыз?
— Жакында эле биринчи жолу "Боз салкындын" экинчи бөлүгү "Ак салкын" тасмасына тартылдым. Анда көп тажрыйба топтодум окшойт. Биз бир клип тартып алып эле кыйраттык деп жүрүптүрбүз, тасма тарткан андан бир топ эле кыйын турбайбы. Көп адамдын эмгеги сарпталат экен. Эрнест Абдыжапаров менин маектеримди көргөн экен. "Бул кыз эки башка образ берип жатат, башкы каармандын мүнөзүнө окшош экен" деп анан сунуштаптыр. Кинодо Асыл деген мекенин сүйгөн кыздын образын аткарам. Ушундан кийин мен да мекенимди көбүрөөк сүйүп калдым. Кино Ысык-Көлдө тартылып, кооздугуна көзүм тойбой ал жерге жашап калгым келди. Азыр да сагынып турам.
— Ал кинонун саундтрегин да сиз ырдап чыксаңыз керек?
— Ооба, Бегиш экөөбүз ырдайбыз. Кино 25-марттан баштап кинотеатрлардан көрсөтүлө баштайт. Өзүм да күтүп жатам.
— Жаш, татынакай кыздын жеке жашоосуна кызыкпай коюу мүмкүн эмес да. Табитиңиздеги мырза кандай, мүмкүн аны жолуктурган чыгарсыз?
— Табит деп ар нерсени айта беребиз. Негизгиси сезим керек да. Бардык берген маегимде бул тууралуу айтпайм. Ушу тапта менин жигитим — чыгармачыл жашоом, эмгектерим деп гана айта алам. Бүт сезимимди, күчүмдү, энергиямды чыгармачылыкка жумшоодомун.