Кыргызстан ШКУ саммитине кандай даярдык көрүүдө? Иш-чаралар

Жазылуу
Саммит 14-15-июнга белгиленди.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2019-жыл Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) эгидасы алдында өтө турганын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков билдирди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

ШКУга мүчө мамлекет жетекчилеринин кеңешин үстүбүздөгү жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөрүү мерчемделди.

Сыдыковдун айтымында, бул иш-чараларга даярдыктын алкагында президент өз буйругу менен уюштуруу комитетин түзүп, ал тиешелүү пландарды кабыл алды.

"2018-жылы жайында Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы жөнүндө биринчи план бекитилип, уюштуруу комитетинин бир катар жыйындары өткөн. Башкы саммитти даярдоо боюнча тиешелүү протоколдор, анын ичинде маданий-гуманитардык иш-чаралар боюнча протокол бекитилген. Алдыда дагы Коопсуздук Кеңеш катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин отурумдары жана ошондой эле ШКУ медиа саммити, көркөм көргөзмө, эл аралык марафон, ШКУ бизнес-форуму жана башкы саммиттин алдындагы гала-концерт сыяктуу маданий-гуманитардык иш-чараларды өткөрүү күтүлүүдө", — деди ал.

Флаги стран государств-членов ШОС - Sputnik Кыргызстан
ШКУга мүчө өлкөлөр уюм бюджетине канчадан акча чогултушат? Жээнбековдун Жарлыгы
Сыдыков Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусунун негизги артыкчылыгы катары аталган уюмдун эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү жана ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү атады.

Жаңылыктар түрмөгү
0