Тамактануу. Архивдик сүрөт

Туура эмес тамактануудан өлүм көп катталган өлкөлөр. Кыргызстан 3-орунда

2356
(жаңыланган 10:39 14.01.2019)
Германиянын Йена шаарынын Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары 1990-2016-жылдар аралыгында изилдөө жүргүзгөн.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эксперттер туура эмес тамактануунун кесепетинен адам өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Аталган рейтингде Кыргызстан үчүнчү орунда турат. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги Daily Mail агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматта Германиянын Йена шаарынын Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары 1990-2016-жылдар аралыгында изилдөө жүргүзгөнү айтылат.

Анын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрүндө жашагандар өмүрүнө коркунуч жараткан тамактар менен көбүрөөк азыктанары аныкталган.

100 миң калкынын 394ү туура эмес тамактануунун айынан ажал тапкан Өзбекстан мамлекети рейтингдин биринчи сабына чыккан. Экинчи орунда турган Түркмөнстанда 376 адам ушундай себеп менен каза болот. Ал эми Кыргызстан үчүнчү орунда, өлкөдө туура эмес азыктануунун кесепетинен 350 киши көз жумат.

Андан кийинки саптарда Украина, Молдова, Азербайжан, Белоруссия, Тажикистан жана Казакстан турат.

Ал эми Россияда 100 миң адамдын 291и каза болуп алдыңкы ондукка кошулган.

Батыш Европада бул маселе боюнча эң начар кырдаал Германияда экени аныкталган.

Эксперттердин билдиришинче, эң эле туура тамактангандар болуп Испания менен Израилдин жашоочулары эсептелет.

2356
Белгилер:
тамактануу, рейтинг, өлүм, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Сындан кетирип... Диетолог кыргызстандыктарды семирткен азыктарды атады
Туристтер үчүн эң кооптуу өлкөлөр аталды. Кыргызстан кайсы орунда?