ЖМК: Иванка Трамп Дүйнөлүк банктын жетекчиси болушу мүмкүн

© REUTERSАКШ президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп. Архив
АКШ президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык каржы уюмунун азыркы жетекчиси Жим Ён Ким 1-февралдан тарта отставкага кетет. Ал кызматтан кетүү себебин "жеке ишкерлик менен алектенем" деп түшүндүргөн.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк банкты жетектей турган талапкерлердин арасында АКШ президент Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп дагы бар. Бул тууралуу Financial Times өздүк булактарга таянып кабарлады.

Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ён Ким 1-февралдан тарта отставкага кете турганын ушул жуманын башында маалымдаган. Ал кызматтан кетүү себебин "жеке ишкерлик менен алектенем" деп түшүндүргөн.

Уюмду убактылуу жетектөө милдети аткаруучу директор Кристалина Георгиевага жүктөлдү. Жим Ён Ким Дүйнөлүк банкты алты жыл башкарды. Ал 2022-жылга чейин иштеши керек эле.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 46 млн. доллар берет. Акча эмнеге жумшалат?
Басылманын маалыматына ылайык, талапкерлердин арасында Иванка Трамптан сырткары, АКШнын БУУдагы мурунку туруктуу өкүлү Никки Хейли, АКШнын каржы министринин орун басары Дэвид Мэлпас жана АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси Марк Грин бар.

РИА Новостинин Дүйнөлүк банктагы өздүк булагы уюмдун кызматкерлери президенттик постко Иванка Трамптын жолдошу Жаред Кушнер дайындалышы ыктымал деп жатышканын кабарлаган. 

Дүйнөлүк каржы уюмунун жетекчилигине талапкерлер февралдын ортосуна чейин талкууланып, апрелдин ортосунда дайындалышы күтүлүүдө.

Уюмдун президенти жетекчилер кеңешин башкарып, банктын жалпы башкаруу ишине жооп берет. Салт боюнча аталган банктын президенти болуп АКШ жараны шайланат. Анткени Америка Кошмо Штаттары — уюмдун ири акционери.

Президентти жетекчилер кеңеши беш жылга шайлап, мөөнөтү бүткөндөн кийин деле кайра тандаша алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0